Акбакай (ыр)

Википедия дан

“Акбакай” - Коргол Дос уулунун белгилүү ырларынын бири.

Эл ичинде ырдын бир нече түрү айтылып келет:

  • биринчиси Т. Тыныбековдун иштеп чыккан варианты,
  • экинчиси Э. Мукамбетовдун Корголдун өз оозунан жазып алганы (бул варианты Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын кол жазмалар фондунда сакталууда),
  • үчүнчүсү комузчу Б. Мадазиновдун иштеп чыгып жана аткарып келген кара күү түрүндөгүсү.

Корголдун өзүнүн айтуусу боюнча, айлындагы Алымкул деген агаларынын аялы Үрбүбү дегенге ашык болуп, “атын айтып ырдасам, башымды чымчыктын башындай чыр дедире жулуп салбасын”, деп, ырдын атын “Акбакай” деп өзгөртүп, төмөндөгүдөй ырдаган экен:

... көзүң айнек, тилиң бал
Көп адам сизге ынтызар.
Жагалмай канат кашың бар,
Жайылган кара чачың бар.
Жаагындан чыккан саамайың,
Калтардын тал-тал жүнүндөй
Тамаша кылып бир турсаң,
Таң мезгили билинбей.

... салкындап бассаң иреңиң
Саардагы чолпон жылдыздай,
Адамдан нускаң бир бөлөк,
Арманда кылган тургузбай
Бетиңден жыттап сыласам,
Бейилиң жакшы Акбакай.

... кубуласың, сүйлөйсүң,
Куйруктуу сары жылдыздай,
Сунган менен кол жетпейт,
Суу түбүндө кундуздай,
Суктандырып күлгүзгөн
Сулуусуң жаштан Акбакай,
Күйдүргү тамак, күйкө көз
Күйдүрдүң Бакай жалжал көз,
Айлыңдын четин таба албай
Арманда болдум жарым эс.

... кекиликтей бедериң,
Келтирип таккан седебиң.
Байкасам элден бөлөкчө,
Башкача сенин сүрөтүң.
Курбу, курбу, курбуңдан
Куюлуп түшкөн мурдуңдан,
Калган көңүл, чыккан жан,
Кайрылып келбейт миң жылдан
Өрдөктөй болгон мойнуңдан
Өлүгүм чыксын койнуңдан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Токтогул району: Энциклопедия/ Башкы ред. Ү. Асанов; Ред. колл.: О. Ибраимов (төрага) ж. б. - Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2005. 292 б., ил.ISBN 9967-14-030-5