Акбаров, Атантай

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search
Акбаров Атантай

Акбаров Атантай обончу, акын Акбаров Атантай Чаткал районунун Жаңы-Базар айылында 1960-жылы 27-майда туулган.
1977-жылы Чаткал орто мектебин аяктап, 1977-1979-жж. айылдык клубда методист болуп иштеген.
1983-жылы Ош мамлекеттик педагогикалык институтун аяктаган.
1983-жылы Оштогу тарых-край таануу музейинде экскурсия жетекчиси,
1984-жылдан Чаткал райондунун «Чаткал оттору» гезитинде бөлүм башчы, редактордун орунбасары, 1989–2000-жж. «Адабият» басмасында редактор, «Бишкек шамы», «Асаба», «Нуска», «Ак бата», «Аалам» гезиттеринде кабарчы, баяндамачы, редактордун орунбасары кызматтарын аткарып, «Ак калпак» менчик гезитинин редактору, 2000-2001-жж.
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссияда редактор,
2001-жылдын октябрь айынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде консультант, улук консультант болуп иштеп келет.
Өзүнүн сөзүнө жазылган “Көзүңдү сүйдүм” аттуу обону Кыргыз Республикасынан сырткары Түркия, Казакстан, Азербайжан, Өзбекстан ж.б. өлкөлөрдө ырдалып келет. Обондорунун сөзүн көбүнчө өзү жазган.
Ал поэтикалык чыгармалары үчүн 2000-жылы Молдо Нияз, 2001-жылы Алыкул Осмонов атындагы республикалык-адабий сыйлыктарга, 2008-жылы Түркияда өткөн түрк тилдүү акындардын Бүткүл дүйнөлүк 1-жыйынына катышып,
Жалалиддин Румми (Мавлана) атындагы эл аралык сыйлыкка татыктуу болгон.
1987-жылдан СССР Журналисттер, 1993-жылдан СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү.
2007-жылы Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланган.


Аткарылып жүргөн чыгармалары[оңдоо | булагын оңдоо]

  • “Көзүңдү сүйдүм” с. А.Акбаровдуку
  • “Өмүр керемет” с. А.Акбаровдуку
  • “Жүз жылдар мындан кийин да” с. С.Эралиевдики
  • “Энелер” с. А.Акбаровдуку
  • “Гүлкайыр” с. А.Акбаровдуку
  • “Той ыры” с. А.Акбаровдуку
  • “Нур кызым” с. А.Акбаровдуку ж.б.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]