Акварель

Википедия дан

Акварель (французча  aquarelle; латынча aqua – суу, суу боёктору) – боёочу материал. Акварель живописи үчүн арналат. А. катуу плитка түрүндө жарым жумшак фарфор чөйчөкчөлөрдө жана жумшак тюбиктерде болот. Акварель боёктору менен тартылган живопистеги сүрөт тартуу техникасы да А. аталат. А-ди кадимки эле кагазда боёкторду сууда эзип алып, тегерек баштуу жебилге менен тартышат. Эң жука боёлгон катмардын жумшактыгы жана тунуктугу акварель живописинин эң маанилүү, өзгөчө касиети болуп эсептелет. Ак боёк ашыкча коюу боёк катары бул жерде колдонулбайт (аны бүт живопись аркылуу көрүнүп турган кагаздын ак түсү алмаштырып турат). Бул сүрөт тартуу техникасынын мүмкүнчүлүктөрү абдан кенен, ошону менен бирге кыйынчылыктары да жетиштүү. Кээ бир жетишпей калган деталдарды кайрадан түп-тамырынан бери оңдоп чыгуу көп учурда бул жерде мүмкүн болбойт. Кээде А. тунук эмес, салыштырмалуу коюу ак боёктор менен тартылат, мындай учурда бул материалдын негизги касиети кескин өзгөрөт жана ал гуаштын өзгөчөлүктөрүнө жакындайт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]