Акимбеков Абдибали Бурканович

Туулган жылы жана жери 18-март, 1966-ж. Кыргыз Республикасы Ош облусунун, Чоң-Алай району, Кызыл-Эшме айылы.
Жашаган жери Кыргыз Республикасы Ош шаары
Улуту кыргыз.
Теги : Кадимки Ырамандын ырчы уулуна барып кошулат. Ырчылык өнөр ата-бабасынан уланып чоң атасы Акимбек колунда бар бардар инсан өнөрдү өзгөчө сүйгөн комузчу,акындыгы болгон андан атасы залкар ырчы Буркан Акимбеков баштагы Союз маалында калың журтка ырчы,комузчу,обончу , акын катары таанымал болгон. Ал кезинде Мыскал Өмүркановалар менен биргеликте аз убакыт болсо да Бишкекте филармонияда иштеп калган апасы Топчу кенже уулун сагынгандан телеграмма жөнөтүп чакыртып алган бойдон Чоң-Алайда туулуп өскөн айылы Кызыл-Эшмеде жашап өттү. Баласы Абдибалиге мен жетпеген бийиктикте сен жет деп ар убак Ак батасын берчү., Атадан алган улуу өнөрдү Абдибали улантып келүүдө. Үй-бүлөсү: 1 уул 3 кыздын атасы, 5 неберенин чоң атасы.
Өмүрлүк жары Телегей кесиби мугалим.
Кызматы, иштеген, кызмат кылган жери Кыргыз Республикасынын «ЭлТР» коомдук телерадио компаниясынын «Мурас» чыгармачыл борборунун продюссери, «Ак таңдай», «Өмүр сересинде» теледолбоорлорунун автору жана алып баруучусу
Абдибали Акимбеков Кыргыз Республикасында биринчилерден болуп айтыш өнөрүн жандандырууга 1994-жылдан бери аракет кылып «Ак таңдай» акындар ордосун негиздеп бир нече жолу Орто Азия жана Казакстандын төкмө акындарынын Эл аралык айтыштарын өткөрө алды. «ЭлТР» коомдук телерадио компаниясынан 15-жылдан ашык «Ак-таңдай» көрсөтүүсүн көрүчүлөргө тартуулап келет. Андан сырткары акыркы 20-жыл аралыгында Орто Азияда сахнадагы жарк эткен чыгармачыл инсандардын катарын толуктап. Чыгармчылык дүйнөсүнө изденүүчүлүк менен талыкпай эмгектенип келе жаткан кесиптешибиздин мүнөзү шайыр, жөнөнкөй жана чындыкты бетке айта билген инсан.
А. Акимбековдун чыгармачылыгы кыргыз радио жана телевидениесин «Алтын фондунда» сакталган.
Абдибали Акимбеков Кыргыз Республикасында биринчилерден болуп элдик өнөрдүн туу чокусу аталган манасчылык,дастан айтуу, төкмөлүк,айтыш өнөрүн жандандырууга 1994-жылдан бери аракет кылып «Ак таңдай» акындар ордосун негиздеп бир нече жолу Орто Азия жана Казакстандын төкмө акындарынын Эл аралык айтыштарын өткөрө алды. «ЭлТР» телерадио компаниясынан 22 жылдан ашык «Ак-таңдай» автордук телекөрсөтүүсүн көрүчүлөргө тартуулап келет. Андан сырткары акыркы 30-жыл аралыгында Орто Азияда сахнадагы жарк эткен чыгармачыл инсандардын катарын толуктап. Чыгармчылык дүйнөсүнө изденүүчүлүк менен талыкпай эмгектенип келе жаткан кесиптешибиздин мүнөзү шайыр, жөнөнкөй жана чындыкты бетке айта билген инсан.
Ал «Айтыш-92» Эл аралык фестивалынын диплому менен «Айтыш 93-94-95» Эл аралык сынагынын лауреаты, 1999-жылы Өзбек республикасынын Ташкент шаарында өткөн Эл аралык сынагында 2-орунга ээ болгон. 2000-жылы Эл аралык сынакта «Ардак грамота» менен сыйланган. 2001-жылы Өзбек республикасынын Термез шаарында өткөн Эл аралык фестивалда 1-орунга ээ болгон. 2005-жылы Казак республикасынын Талды Коргон шаарында өткөн Сүйүнбай Аран уулунун 180-жылдык маарекесинде Умбеталы Карабаев атындагы сыйлыктын ээси болгон.
2008-жылы Президенттик айтышты, «Ак таңдай» акындар орбосунун 10-жылдык маарекесин арналган Ош шаарында акындардын айтышын өткөрүп.2014-жылы Баткен жергесинде биринчи жолу Түштүк жергесиндеги төкмө акындардын айтышын өткөрүп келди. Андан сырткары Калык, Коргол акындардын 130-жылдык маарекесиндеги республикалык айтыштын катышуучусу. Токтогул акындын 150-жылдык маарекесине арналган айтышка катышуу менен казак жергесинин Узун Агач ооданында Умбеталы акындын 125-жылдык маарекесине арналган Эл аралык айтышта Орозалы акындын атына арналган сыйлыктын ээси, Жалал-Абад шаарында Барпы апыздын 130-жылдык мааракесине арналган Республикалык төкмө акындардын айтышында баш байгени жеңип алган.
Өлкөбүздүн аймагындагы жана Эл аралык бир нече сынактарды өткөрүүдө зор салымын кошкон. Ошондой эле «ЭлТР» КТРКсында «Ак-таңдай», «Таңшы кайрык», «Оболо кыргыз кайрыгы», «Кыштак четинде» көрсөтүүлөрдүн автору. Мындан сырткары, бир канча обонду ырлар жана дастандардын автору, аткаруучусу. Элдик оозеки чыграмачылыкты жана элдик музыкалык аспаптарды өнүктүрүү жана жайылтууда көптөгөн жаштарды тарбиялап келет. Алардын арасында эл арасына таанымал болууга жетишкен.
2005-жылы КРдин Маданиятынын мыкты кызматкери, 2007-жылы КР Президентинин Ардак грамотасы, 2008-жылы КРдин мамлекеттик тил комиссиясынын жана «ЭлТР»КТРКсынын мыкты кызматкери төш белгиси менен сыйланган. 2013-14-жылдары Калык, Коргол акындардын 130-жылдык маарекесинин жана Токтогул Сатылгановдун 150-жылдык маарекесиде төш белгилери менен сыйланып ушул эле жылы Казак Республикасыннын Алматы облусунуна караштуу Узун-Агач районунда Умбеталы акындын 125-жылдык маарекесинин арналган Эл аралык айтышка катышып анда Орозбай акындын байгесине татыктуу болуп кайткан.Ал эми Жалал-Абад шаарында айтылуу Барпы апыздын 130-жылдык маарекесине арналган Республикалык акындардын айтышында Баш байге-ГРАН принин ээси. Эң башкысы «ЭлТР» МТРКсындагы «Ак таңдай» автордук теледолбоорунун алкаганда уюшулган «Алтын комуз» байгесин Ош-Бишкек телекөпүрөсү аркылуу түз эфирде уюштуруп Орто Азия жана Казакстан элдеринин ичинде тарыхта алгачкы жолу төкмө акындарга «Алтын комуз» тартууланды.
Бул Абдибали Акимбековдун элдик өнөргө кошкон чоң салымы деп эсептейбиз. Тынымсыз арекетенип,талбаган эмгеги менен 2016-жылы «Ак таңдай» теледолбоорундагы «Алтын комуз» байгесинин экинчи сезонун баштаар алдында турат.
2021-жылы Кыргыз Республикасын президентинин колдоосу менен "Ак таңдай " теледолбоорунун алкагында "Алтын комуз" байгесин экинчи ирет уюштуруп 42 төкмө акындын ичинен Баян Акматов "Алтын комуздун" ээси болду. Бир "Алтын комуз" Сулайман тоо улуттук музейине тапшырылды. Быйылкы 2022-жылы Интернюс менен тыгыз иштешип буйруса август айында дагы эки "Алтын комуз " тартууланмакчы. Бирөөсү төкмөлөргө, экинчи комуз Бишкек шаарындагы улуттук музейге тартууланмакчы. Июль айында Чоң-Алай жергесинде чоң айтыш уюштуруунун алдында. Андан сырткары "ЭлТР"МТРКсында "Ыр кесе" телесынагын жандандырууга салымын кошту. Мындан ары "ЭлТР"де жыл сайын 30-май "ДАСТАН КҮНҮН " өткөрүүнүн идеасын көтөрүп Ош-Бишкек телекөпүрө аркылуу түз эфирде сан миңдеген калкыбызга кылымдап келген элибиздинтарыхы,кайгы-кубанычы,баатырдын,ашыктыгын чагылдырган даңазалуу дастандар айтылмакчы . Максаты талбаган ак эмгек менен ырахат алып Кыргыз элине салым кошуу...