Аккелте

Википедия дан

Аккелте (ир. «калта» - кыска, «мил» - мылтык) - «Манас» эпосундагы башкы каарман Манастын мылтыгы. Эпосто касиеттүү, ыйык куралдын бири катары сүрөттөлөт. Мисалы, согуш болор алдында керегеде илинген жеринде өзүнөн өзү атылып, оозунан кан тамышы же Манас өлгөндөн кийин он эки жыл Абыкенин колунда атылбай калышы ж. б. Ошондой эле тунгус, маньчжур элдеринде да «гэлтэ» добуштуу мылтык деген аталыш менен белгилүү.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1