Акматова Нуруйса

Википедия дан

Акматова Нуруйса Саймачы. 1942-ж. Жумгал районундагы Чоң-Дөбө айылында төрөлгөн.

Орто билимдүү. Клуб башчысы болуп иштеген. Аны кайын энеси Бүбүкан чырмакчы нускалаган. Кармаган сайма үлгүлөрүнүн көркөмдүк каражаттары туш кийиз саюудан билинет. Көбүнчө мандалак гүлдөрүн канаттуулардан пайда болгон көчөттөр менен кыйыштырат. Ошондо бир табакчада төрт «куш оюмунан», «карга тырмактан» турган көркөмдүктөрдүн арасынан гүлдүн таажылары көрүнүп, «жоогазын көчөтү» жаралып «суу» катары тегерете курчалат. Капкалдырыктын табакчалары борбордук көчөттү кайталайт. Алардын ортолорун «куш оюмунан» пайда болгон көчөт араларын бөлүүчү чаар белгилер ачып турат. Демек, гүлдөрдүн сабактары, таажылары, канаттуулардын чалгындары символдошуп, уздун кооздукту тааный билүү касиетин баяндайт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Акматалиев A. Кыргыздын уз-усталары: Антология/Башкы ред. А. Карыпкулов; сүрөтчүлөрү Д. Чочунбаева, Г. В. Половникова. — Б.: КЭнин Башкы редакциясы, 1997, — 240 б. ISBN 5-89750-080-0