Акмат кызы Батый

Википедия дан

Акмат кызы Батый Саймачы. 1929-ж. Сокулук районундагы Кара-Шалта айылында төрөлгөн.

Жети жылдык мектепти бүткөн. Сайма буюмдарынан туш кийизди көбүрөөк узданат. Буюмдун жердигине баркутту тандайт. Көбүнчө илме (шибеге) сайманы кармайт. Көркөм каражаттарды сарысаптоодо ортолук (борбордук) көчөт үчүн өзөгү жүрөкчөлөнгөн табакчаларды (үй) жаратып, четтик (жээк) көчөтүнө «куш оюмунун» астынан «карга тырмак оюмун» ичкерээк алат. Эки көчөттүн ортолорун ачуу үчүн турналар учуп бараткаңдай, арпа, буудай калканындай, ийрилип агып жаткандай «суу» жүргүзөт. Ал ортолук көчөттү 40-45 см, четтик көчөттү 6-8 см аралыкка саят да, кара жердикке ортолукту кызылдан тандайт. Аңын буюмунун жээгине «ит куйрук көчөтү» мүнөздүү.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Акматалиев A. Кыргыздын уз-усталары: Антология/Башкы ред. А. Карыпкулов; сүрөтчүлөрү Д. Чочунбаева, Г. В. Половникова. — Б.: КЭнин Башкы редакциясы, 1997, — 240 б. ISBN 5-89750-080-0