Наринэ Акрамова

Википедия дан
Акрамова Наринэ Шавкатовна‎»‎ барагынан багытталды)

Акрамова Наринэ Шавкатовна - (1942-ж. туулган, Фрунзе), опера ырчысы (меццо-сопрано), КРнын эл артисти (1993). М. Күрөңкөев атындагы Кыргыз мамлекеттик музыка-хореографиялык окуу жайын бүтүргөн (1962), Өзбекстандын Ташкен мамлекеттик консерваториясында окуган. Кыргыз мамлекеттик опера жана балет театрынын солисти. 35 жылдын ичинде Дж. Бизенин «Карменинен» Кармендин, «Дон Карлостон» Эболинин, П. Чайковскийдин «Евгений Онегининен» Ольганын, «Карганын маткесинен» Полина менен Графинянын, «Черевичкиден» Солоханын, А. Бородиндин «Князь Игорунан» Кончакованын, В. Власов, А. Малдыбаев, В. Ференин «Айчүрөгүнөн» Чачыкейдин, М. Раухвергердин «Көкүлүнөн» Бурманын, А. Петровдун «Пётр Інен» Екатеринанын ж. б. партияларды аткарган. КМШ өлкөлөрүнүн борбор шаарларында, Тунисте, Польшада, Венгрияда гастролдо болгон.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1