Акрилнитрил

Википедия дан

Акрилнитрил, винилцианид, CH2=CH- CN органикалык бирикме, акрил кислотасынын нитрили, молекулярдык м. 53,06, кескин жыттуу, түссүз, ууландыргыч суюктук, кайноо t 77,3°C. Аба менен акрилнитрилдин 3,05 ж-а 17,0% көлөмдөгү кошулмасы жарылгыч. Суу, бензол, метанол, CCl 4 менен азеотроптук кошулманы, оңой полимерленип полпакрилнитрилди пайда кылат. Бутадпен, стирол, винилхлорид ж. б. менен сополимерлешүү реакциясына кирет. Өнөр жайда пропилен менен аммиактын аралашмасын катализатор менен кычкылдандыруудан жана ацетиленге синил кислотасын таасир кылуудан алынат. Ал полпакрилнитрил буласын, бутадпеннитрил каучугун, цианэтил ж. б. өндүрүүдө колдонулат. Акрилнитрил денени дүүлүктүрөт, териге оңой сиңет, анын уулантуу таасири цианиттерге окшош.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1