Акрон (стадион)
| Мурунку аталыштары | «Эстадио Омнилайф», «Эстадио Чивас» |
| Расмий аталышы | Estadio Akron |
| Жалпы маалымат | |
|---|---|
| Жайгашкан жери | Сапопан, Халиско, Мексика |
| Координаттары | 20°40′54″ с. ш. 103°27′46″ з. д.HGЯO |
| Башталган жылы | 2007 |
| Ачылган жылы | 29-июль 2010 |
| Курулуш баасы | 200 млн АКШ доллар |
| Архитектору | Populous |
| Ээси | Амаури Вергара |
| Үй командасы | «Гвадалахара» |
| Сыйымдуулугу | |
| Орундар саны | 49 850 |
| Техникалык маалымат | |
| Өлчөмдөрү | 105 x 68 м |
| Жабуусу | Натуралдык чөп |
«Акрон» стадиону (исп. Estadio Akron) — Мексиканын Халиско штатындагы Гвадалахара шаарына жакын Сапопан шаарында жайгашкан көп максаттуу стадион.
Мурда «Эстадио Омнилайф» жана «Эстадио Чивас» деп аталган. Негизинен футбол оюндары үчүн колдонулат жана «Клуб Депортиво Гвадалахара» командасынын үй аренасы болуп саналат. Стадион JVC комплексинин курамына кирет жана 49 813 көрүүчүнү батырат.
Курулушу 2004-жылдын февралында башталган, бирок каржылык кыйынчылыктардан улам бир нече жылга кечиккен. Стадион мексикалык «Групо Акрон» компаниясынын атынан аталган.
Бул стадион 2010 Копа Либертадорес финалынын биринчи оюнун өткөрүп, 2011 Панамерикалык оюндардын ачылыш жана жабылыш аземдерин да кабыл алган. Алгач жасалма газон чоң талкуу жараткандыктан, 2012-жылы натуралдык чөпкө алмаштырылган. Ошондой эле 2026 Дүйнө чемпионатынын айрым оюндарын өткөрүшү күтүлүүдө[1].
Булактар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- ↑ SosTovar Chivas decide quitar el pasto artificial del estadio Omnilife (исп.). Huffington Post (16 May 2012). Текшерилген күнү 16 -май (бугу) 2012.