Мазмунга өтүү

Акротири жана Декелия

Википедия — ачык энциклопедия
Акротири жана Декелия
англ. Sovereign Base Areas of Akrotiri and Dhekelia
Герб
Герб
Желек
Желек
Өлкө

 Улуу Британия

Статусу

Улуу Британиянын деңиздин ары жагындагы аймактары

Негизделген күнү

16-август 1960-жыл

Администратор

Роберт Томсон

Расмий тили

англис тили, грек тили

Калкы

15 700

Жыштыгы

61,8 адам/км²

Аянты

254 км²

Тууралыгы

км

Узундук

км

Картадагы{{{кыргызча аталышы}}}

Убакыт аралыгы

UTC+02:00

Аббревиатурасы

SBA

Телефон коду

+357

Почта индекси

BFPO 57 / BF1 2AT (Акротири)
BFPO 58 / BF1 2AU (Декелия)

Интернет-домени

.uk

Расмий сайты
Акротири жана Декелия Уикиказынада

Акротири жана Декелия (англ. Sovereign Base Areas of Akrotiri and Dhekelia, грек. Περιοχές Κυρίαρχων Βάσεων Ακρωτηρίου και Δεκέλειας, түрк. Akrotiri ve Dikelya Egemen Üs Bölgeleri) — Кипр аралында британиянын эки аскер базалары. Алар Улуу Британиянын деңиздин ары жагындагы аймактары болуп саналат. Башкача айтканда алар Улуу Британиянын суверенитети алдында, бирок Британ империясынын аймактык бөлүгү эмес.

Акротири жана Декелиянын расмий иш-чараларда колдонулган желеги
Британия Кипринин желеги
Акторидега BBC World Service радио мачталары

1960-жылы британ колониясы болгон Кипр көз карандысыздык алган, бирок Улуу Британия аралдын аймагында өз аскерий базаларын жайгаштыруу үчүн эки эксклавды сактап калган. Базалардын макамы 1959-жылы Улуу Британия, Грекия жана Түркия ортосунда кол коюлган Цюрих жана Лондон келишимдери менен аныкталган. Бул документтерге кипрлик грек жана түрк жамааттарынын лидерлери — архиепископ Макариос III жана Фазыл Күчүк да кол коюшкан. Мындан сырткары, 1960-жылы Кипр Республикасы менен Улуу Британия ортосунда базаларды пайдалануу тууралуу өзүнчө келишим түзүлгөн. Бул эксклавдардын Улуу Британия үчүн маанилүүлүгү Кипрдин Жер ортолук деңизинин чыгышындагы стратегиялык жайгашуусу, Суэц каналына жана Жакынкы Чыгышка жакындыгы менен түшүндүрүлөт.

1974-жылы Кипрдин Грекияга кошулуп кетишинен кооптонгон Түркия «түрк калкын коргоо» деген жүйө менен аралга аскерлерин киргизген[1][2][3]. Натыйжада аралдын түндүк бөлүгүндө Түркия гана тааныган Түндүк Кипр Түрк Республикасы түзүлгөн[4].

Бул базалар экономикалык жактан өнүгүү үчүн пайдаланууга мүмкүн болгон чоң жер аянттарын ээлеп тургандыгына байланыштуу Кипр Республикасы Акротири жана Декелия аймактарынын Улуу Британиядан кайтарып алуу талабын койгон.

Улуу Британия 1960-жылы Кипрге көз карандысыздык бергенден кийинки төрт жыл ичинде Кипр Республикасына каржылык жардам көрсөтүп келген, бирок 1963–1964-жылдардагы Кипрдагы коомчулуктар арасындагы жаңжалдан кийин, каражаттар эки жамаатка тең бөлүнөрүнө кепилдик жок деген жүйө менен каржылык колдоону токтоткон. Ошол убактан бери Кипр өкмөтү 1964-жылдан бүгүнкү күнгө чейинки компенсацияны талап кылып келет, бирок бул багытта эл аралык деңгелде эч кандай чара колдонгон эмес. Талап кылынган сумма бир миллиард еврого чейин бааланат. Улуу Британия базаларды кайтаруу ниети жок экенин билдирген, бирок Кипрди бириктирүү боюнча Аннан планы ишке ашса базалардын болжол менен үчтөн бир бөлүгүн Кипрге өткөрүп берүүнү сунуштаган[5].

2001-жылдын июль айында жергиликтүү киприоттор базалардагы радио матчаларын курууга каршы нааразылык акцияларын өткөрүшкөн. Алар айрым аскерий байланыш объектилерин талкалап салууга жетишкен. Нааразы тарап бул матчалар айлана-чөйрөгө зыян келтирет жана жергиликтүү тургундарда рак оорусун пайда кылат деп эсептеген. Британ өкмөтү бул айыптоолорду четке каккан.

2008-жылдын февралында коммунист Димитрис Христофиастын Кипр президенти болуп шайланышы Улуу Британияны тынчсыздандырган[6][7]. Христофиас Кипр маселесинин келечектеги чечиминин бир бөлүгү катары аралдагы бардык чет элдик аскерий күчтөрдү чыгарууну убада кылып, британ аскерлеринин Кипрдин тарыхындагы ролун «кан менен боёлгон колониалдык мурас» деп атаган.

2013-жылы НАТОго кошулууну жактаган Никос Анастасиадис президенттик кызматта келген[8].

Акротири базасы ( (грек. Ακρωτήρι, түрк. Agrotur) Кипрдин түштүк бөлүгүндө, Лимасол шаарына жакын жайгашкан. Декелия (грек. Δεκέλεια, түрк. Dikelya) базасы аралдын түштүк-чыгышында, Ларнакага жакын жерде орун алган.

Акротири менен Декелия Кипр аралынын болжол менен 3% аянтын ээлейт. Жердин 60% Кипр жарандарынын же Улуу Британиянын жарандарынын менчиги, ал эми калган 40% Британ бийлигинин Коргоо министрлигине тиешелүү.

Акротиринин аймагы Кипрдин грек бөлүгү менен курчалган, ал эми Декелия Түндүк Кипр Түрк Республикасы менен, ошондой эле аралдын түрк жана грек бөлүктөрүн бөлүп турган БУУнун буфердик аймагы менен, мындан тышкары түрк-киприоттору көзөмөлдөгөн аймактар менен сектешет.

Декелиянын аймагында Кипр Республикасынын эки анклавы болуп саналаган Ксилотимву жана Ормидия айылдары да жайгашкан.

Акротиринин аймагында Кипрдин эң ири суу объектиси болгон Лимасол туздуу көлү жайгашкан.

Тышкы шилтемелер

[түзөтүү | булагын түзөтүү]