Аксай, тоо

Википедия дан

Аксай тооТүркстан кырка тоосунун түндүк тармагы. Карабшин суусунун алабында. Тоо кеңдик багытта 21 кмге созулуп жатат. Туурасы 5–6 км. Орточо бийиктиги 2800–3000 м, эң бийик жери 3564 м.

Жону негизинен жайпагыраак, аска жокко эсе. Капталдары тик (40–50°) жана кыска, жар, кокту-колоттуу. Карбон мезгилинин акиташ теги, кремнийлүү боксит тектеринен турат. Капталдарына талаа (1500–1600 м бийиктикке чейин; кызылот, айуучач, сарындыз ж. б. басымдуу), арча токойлуу шалбаалуу талаа (2700–2800 мге чейин) жана талаа (бетеге, ыраң ж. б.) ландшапт алкактары мүнөздүү. Жайкы жайыт катары пайдаланылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]