Активдүү лексика

Википедия дан

Активдүү лексика - кеңири колдонулган жана мааниси жалпы элге түшүнүктүү, жеткиликтүү болгон сөздөрдүн тобу. Мындай лексикалык каражаттар тилдин сөздүк курамынын көпчүлүк бөлүгүн ээлейт. Тилдин азыркы кездеги абалы боюнча алып караганда, активдүү сөздөрдүн тобуна, мисалы, чарба, эмгек, курал, китеп, суу, ал, бер, иште, кооз, сулуу, бийик, эрте, кеч, бар, жок сыяктуу сөздөр, кеңири колдонулуп жүргөн саясат, коом, демократия, партия, депутат, президент, парламент, сессия, конституция сыяктуу коомдук-саясий түшүнүктөрдүн аттары, экономика, өнөр жай, ишкана, өндүрүш, товар, лексика, грамматика, тыбыш, тамга ж. б. сыяктуу терминдер кирет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1