Ак-Түз, шаарча

Wikipedia дан
(Актүз барагынан багытталды)
Jump to navigation Jump to search

АктүзКемин районундагы шаарча, Актүз шаарча кеңешинин борбору. Кичи Кемин өрөөнүндөгү Актүз капчыгайынын төрүндө, деңиз деңгээлинен 2300 м бийиктикте жайгашкан. Шаарча ушул жердеги түстүү металл кендерин өздөштүрүүнүн натыйжасында 1938-жылы негизделген. Райондун борбору жана темир жол бекети Кеминден 45км, облустун борбору Токмок шаарынын 80 км, (Бишкек 140 км чыгыш тарапта. Аянты 94 км2, калкы 0,9 миң (2002). Калктын көпчүлүгү (78 %) кыргыздар. Актүз мамлекеттик акционердик коому, «Айнур» заводунун филиалы иштейт. Шаарчада орто мектеп, бала бакча, 2 китепкана, оорукана бар.

Колдонулган адабият[оңдоо | булагын оңдоо]

Шилтемелер[оңдоо | булагын оңдоо]