Акунова, Айнура Рысбековна

Википедия дан
Акунова Айнура Рысбековна
Жалпы маалымат
Төрөлгөндө берилген аты: Акунова Айнура Рысбековна
Туулган жылы: 1973-жылы 15-сентябрь
Туулган жери: Нарын шаары, Нарын облусу, Кыргызстан
Өлкө: Кыргызстан желегиКыргызстан
Ишмердүүлүгү: мугалим, окумуштуу
Учурдагы кызматы:


Акунова Айнура Рысбековна – пост-советтик доордогу кыргыздын педагог окумуштуусу, кыргыз тилин окутуу жана иликтөө боюнча адис.

Өмүр баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Акунова Айнура 1973-жылы 15-сентябрда, Нарын шаарында туулган, улуту болсо кыргыз. Үй-бүлөлүү, 3 баланын энеси.

Билими: Жогорку

1980-1988-ж.-Нарын шаарындагы Токтогул атындагы орто мектебин

1988-1992-ж.-Нарын педагогикалык окуу жайынын башталгыч мектептин мугалими адистигин

1992-1996-ж.-Ж.Баласагын атындагы КМУУнун кыргыз филологиясы факультетин

1996-1998-ж.-Кыргыз тилин окутуунун методикасы багытындагы КМУУнун магистратурасын

2002-2006-ж.-И.Арабаев атындагы КМУнун аспирантурасын аяктаган

Илимий даражасы: педагогика илимдеринин кандидаты.

Илимий наамы: доценттин милдетин аткаруучу.

Магистрдик диссертациясынын темасы: «XI класста кыргыз тилиндеги фразеологизмдерди окутуунун методикасы» (1998-жылы корголгон). Илимий жетекчиси: п.и.д., проф. А.Осмонкулов

Кандидаттык диссертациясынын темасы: «Кыргыз тилиндеги фразеологизмдерди жогорку окуу жайларда окутуунун методикасы» (2007-жылы корголгон). Илимий жетекчиси: п.и.д., проф. А.Осмонкулов

Докторлук диссертациясынын темасы: Жогорку мектепте «Азыркы кыргыз тили» курсун окутууда студенттин өз алдынча таанып билүү ишмердүүлүгүн моделдөө. (2008-жылы диссертациянын темасы бекиген). Илимий жетекчиси: п.и.д., проф. А.Осмонкулов

Эмгек жолу:[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1998-2000-ж. И.Арабаев атындагы КМПУнун филология факультети, Кыргыз тили жана аны окутуунун методикасы кафедрасынын ага лаборанты;

2000-2002-ж. И.Арабаев атындагы КМПУнун Сырттан окуу институтунда Гуманитардык билимдер кафедрасынын окутуучусу;

2002-2008-ж. И.Арабаев атындагы Педагогика институтунун Башталгыч мектепте кыргыз, орус тилдерин окутуунун технологиясы кафедрасынын ага окутуучусу;

2009-жылдан доценттин милдетин аткаруучу;

2010-жылдан И.Арабаев атындагы Педагогика институтунун декандын орун басары, окуу иштери боюнча координатор.


Жарык көргөн эмгектери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Монографиялар:[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • 11-класста фразеологияны окутуунун методикасы (Орто мектептердин кыргыз тили жана адабияты мугалимдери,

ЖОЖдун студенттери үчүн). – Бишкек, 2004.

  • Кыргыз фразеологиясын ЖОЖдо окутуунун методикасы (ЖОЖдун окутуучулары жана студенттери үчүн). - Бишкек, 2008.

Окуу куралдар:[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Акунова А.Р., Намазбеков О, Өмүрова А.М. Азыркы кыргыз тили. Фонетика (Дистанттык окутуу).- Бишкек, 2001.
  • Акунова А.Р., Раимбекова М. Азыркы кыргыз тили. Лексика (ЖОЖдун педагогика адистигин сырттан окуган студенттер үчүн окуу куралы).- Бишкек, 2005.
  • Осмонкулов А., Акунова А.Р. «Өнөр алды – кызыл тил» (ЖОЖдун студенттери үчүн түзүлгөн фразеологиялык минимумдун түшүндүрмө сөздүгү).- Бишкек, 2007.
  • Акунова А.Р., Чокошева Б.С., Эшимбекова Г. Азыркы кыргыз тили. Морфология. (ЖОЖдун педагогика адистигин сырттан окуган студенттер үчүн окуу куралы)- Бишкек, 2008.
  • Акунова А.Р., Раимбекова М., Карамендеева Ч.Ж. Азыркы кыргыз тили. Синтаксис. (ЖОЖдун педагогика адистигин сырттан окуган студенттер үчүн окуу куралы)- Бишкек, 2009.
  • Акунова А.Р., Чокошева Б.С. Кыргыз тилинин практикалык курсу. (ЖОЖдун студенттери үчүн окуу куралы). -1-бөлүм.-Бишкек, 2010.
  • Акунова А.Р., Чокошева Б.С. Кыргыз тилинин практикалык курсу. (ЖОЖдун студенттери үчүн окуу куралы). -2-бөлүм.-Бишкек, 2010.

Илимий макалалар:[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз тилинин фразеологиясын окутууда колдонулуучу кошумча каражаттар.//Сб. научных трудов КГПУ им. И.Арабаева. – Бишкек, 2000. - № 4.
  • Тест аркылуу студенттердин билимин текшерүү. //Материалы 2-научно-практической конференции «Проблемы образования и науки» посвященной 10-летию КР и 5- летию образования НГУ. – Нарын, 2001.- 120-124-б.
  • Кыргыз тилиндеги алкоо, каалоо-тилек айтууда колдонулуучу фразеологизмдер. // А.Жапаровдун туулган күнүнүн 70 жылдыгына арналган «Профессор Абдыкул Жапаров жана тил илими» аттуу илимий- теориялык конференциянын материалдары. – Бишкек, 2002. – 99-101- б.
  • Фразеологизмдердин изилдениш тарыхынан. // Эл аралык «Ататүрк - Ала-Тоо» университетинде өткөн «Кыргыз - түрк элдеринин фольклору» илимий-теориялык конференциянын материалдары. – Бишкек, 2002.- 74-78-б.
  • Педагогика адистигинде кыргыз тилин окутуунун өзгөчөлүктөрү. //Международная научно - практическая конференция «Формы и пути непрерывного педагогического образования КР»: Вестник КГПУ им. И.Арабаева. – Бишкек, 2004.- № 2 .-293-299- б.
  • ЖОЖдо кыргыз тилин окутуунун илимий-методологиялык негиздери. //Материалы 3-республиканской научно - практической конференции «Модернизация содержания, технологий обучения и воспитания в средней и высшей школе»: Вестник Иссыккульского университета им. К.Тыныстанова. – Каракол, 2004. - № 14. -121-124-б.
  • ЖОЖдордо кыргыз тилинин лексикологиясын окутууга арналган окуу китеп, окуу куралдары жөнүндө. //Вестник Иссыкульского университета им. К. Тыныстанова.- Каракол, 2006.– 97-103-б.
  • «Азыркы кыргыз тили» курсун дистанттык окутууга даярдоонун технологиясы.- //Сб. научных трудов КГПУ им. И.Арабаева. – Бишкек, 2000. - № 4.- 246-248-б.
  • Жогорку мектепте «Азыркы кыргыз тили» курсун окутууда компьютердик технологияларды колдонуу.- «Кыргыз тили жана адабияты»журналы- БГУ.
  • Башталгыч мектепте формативдик жана суммативдик баалоону колдонуу. (авт. Чокошева Б.С.).- «Кыргыз тили жана адабияты» журналы- КМУУ.
  • Башталгыч мектепте кыргыз тилин окутуу методдорунун түрлөрү. (авт. Чокошева Б.С.).- Вестник КГУ им. И.Арабаева. – Бишкек, 2009.- № 21.-165-167- б.
  • Куррикулумдун негизинде окутуунун өзгөчөлүгү эмнеде? (авт. Чокошева Б.С.).- «Профессор Абдыкул Жапаров жана тил илими» аттуу илимий-теориялык конференциянын материалдары.- КМУУ, 2010
  • Башталгыч класстар үчүн жаңы муундун окуу китептерине коюлуучу талаптар жана милдеттер.- Вестник КГУ им. И.Арабаева. – Бишкек, 2010.
  • Кыргыз фразеологиясын окутууда сабактын стандарт эмес формаларын колдонуу.-«Кут билим», 29-декабрь, 2008.
  • Форманы да, мазмунду да жаңырталы! «Кут билим», 2010.
  • Студент - өз алдынча билим алган адам. «Кут билим», 2010.
  • Студенттин таанып-билүү ишмердүүлүгүн өөрчүтүүнүн бир формасы.-БГУ,2010
  • Студенттин өз алдынча билим алуусун өркүндөтүүнүн жолдору.- «Профессор Абдыкул Жапаров жана тил илими» аттуу илимий-теориялык конференциянын материалдары.- КМУУ, 2010

Эл аралык долбоорлор менен биргеликте иштелип жаткан эмгектери:[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Мектепке чейинки мекемелер үчүн сабатка үйрөтүү жана сөз өстүрүү иштерин уюштуруу боюнча 10 методикалык колдонмо. («Айылдык билим берүү»);
  • Куррикулум боюнча окуу китептерин иштеп чыгуу. 1-класс «Алиппе» окуу китеби (авт. Б.Чокошева, А.Сарыгүл);
  • 1-класстын «Алиппе» окуу китебине методикалык колдонмо (авт. Б.Чокошева, А.Сарыгүл);
  • 2-класс «Эне тили» окуу китеби (авт. Чокошева Б., А.Сарыгүл);
  • 2-класстын «Эне тили» окуу китебине методикалык колдонмо (авт. Б.Чокошева, А.Сарыгүл);
  • 2-класстын «Эне тили» окуу китебине жазуу дептери (1-2-дептер) (авт. Б. Чокошева, А.Сарыгүл);
  • 5-9-класстар үчүн окуу иштерин уюштурууда колдонулуучу 10 кошумча каражат. («Сапаттуу билим»);
  • ЖОЖдо «Башталгыч мектепте кыргыз тилин окутуунун методикасы» боюнча типтүү программа (авт.) («Сапаттуу билим»);;
  • ЖОЖдо «Башталгыч мектепте кыргыз тилин окутуунун методикасы» боюнча жумушчу программа («Сапаттуу билим»);
  • ЖОЖдо «Башталгыч мектепте кыргыз тилин окутуунун методикасы» боюнча методикалык колдонмо (авт.) («Сапаттуу билим»);
  • ЖОЖдо педагогикалык практиканы уюштуруунун жана өткөрүүнүн программасы («Сапаттуу билим»).

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]