Акчаңгыл, Тоо

Википедия дан

Акчаңгыл тоосу – Академик Адышев атындагы кырка тоонун батыш тармагы. Бүлөлү жана Жошолу (Куршабдын оң куймалары) сууларынын алабында чыгыштан батышка карай созулуп жатат. Узундугу 32 км, туурасы 10 км. Орточо бийиктиги 3500 м, эң бийик жери 4044 м. Тоо батыштан чыгышты карай бийиктеп, Академик Адышев атындагы кырка тоого барып такалат. Батыш бөлүгү негизинен тайпагыраак жана жазы. түштүк капталы майда кокту-колоттуу келип, Кичи жана Чоң Бүлөлү сууларынын өрөөнүнө тик түшөт.

Батыш бөлүгү Гүлчө өрөөнүн карай жантайыңкы. түндүк-чыгыш капталы жазы, Жошолу суусунун башы жана анын куймалары Кулмамбет, Буктурмалардын алабында тик капталдуу, аябай тилмеленген. Тоо капталдарына талаа (2200 мге чейин), шалбаалуу талаа (2200– 2600 м), шалбаалуу токой жана бадал (2600– 3100 м), субальп жана альп шалбаасы жана шалбаалуу талаа (3100–3600 м), 3600 мден жогору нивалдык-гляциалдык ландшафт алкактары мүнөздүү. Жайыт; рекреация максаттарында пайдаланылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]