Мазмунга өтүү

Акча талабын кыюуга байланышкан каржылоо келишими

Википедия — ачык энциклопедия

Акча талабын кыюуга байланышкан каржылоо келишими – бир тарап (каржылоо агенти) экинчи тарапка (кардарга) кардардын акча талабынын эсебине анын көрсөткөн товарларынан, аткарган иштеринен же үчүнчү тарапка көрсөткөн кызматтарынан келип чыккан акча каражаттарын үчүнчү тарапка (кредит берүүчүгө) берүүгө, ал эми кардар каржы агентине ал акча талабын кыюуга милдеттенген келишим. Кардар тарабынан карыздарга акча талабы ошондой эле кардардын каржы агентинин алдындагы милдеттенмесин камсыз кылуу максаттарында кыйылышы мүмкүн. А. т. к. б. к. к. акыркысынын милдеттенмеси кардар үчүн бухгалтердик эсеп жүргүзүүнү, ошондой эле ага акча талабын кыюуга байланышкан кыюу предмети болуп эсептелген башка каржылоо кызматтарын көрсөтүүнү ичине камтыйт. Каржылоо агенти катары А. т. к. б. к. к. банктар, ушундай иштерге улуксаты (лицензиясы) бар башка кредиттик уюмдар, ошондой эле коммерциялык уюмдар түзө алышат. Каржылоо болуп жаткан кыюу предмети катары төлөө мөөнөтү жеткен акча талабын (аракеттеги талап) кыюудай эле, жаңыдан пайда болгон акча каражаттарына укук (болочок талап) да жатат. Кыюу предмети болгон акча талабы кардардын каржы агенти менен түзгөн келишиминде аныкталуусу тийиш. Ошондой келишим түзүлгөн учурда аракеттеги талаптарды, а келечектеги талаптарды анын пайда болушунан кечикпестен окшоштуруп салыштырууга мүмкүнчүлүк болот. Келишимдин бул түрү эларалык иш-тажырыйбада «факторинг» деген ат менен кеңири колдонулат.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]