Акындар Поэзиясы

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

Акындар Поэзиясы

Акындар поэзиясы – кыргыз элинин оозэки поэтикалык чыгармачылыгы менен тыгыз байланышта ѳнγкѳн классикалык поэзиянын бир бѳлγгγ.
Акын, ырчы-оозэки поэтикалык чыгармаларды комуз, кыяк жана башка аспаптардын коштоосу менен аткарган тѳкмѳ. Акындар фалькулорду γйрѳнγп,андагы сюжеттерди ѳзγнчѳ чыгариачылык менен кайра иштеп чыгышат. Акындардын дээрлик кѳпчγлγгγнγн эске тутум жѳндѳмдγлγгγ ѳтѳ мыкты келет,оной эле аларга турмушту терен билγγ, сезим талдык, артисттик шык мγнѳздγγ.

Акындан шарттуу тγрдѳ тѳмѳнкγчѳ бѳлγнѳт :жамакчы-мактоо, кордоо ырларын ырдоочулар: жомокчу-эпикалык чыгармаларды аткаруучулар: нускоочу-филос. Мазмундагы насаат ырларды жаратуучулар.Алардын ортосунда жок. Акындардын ишмердиги кѳп кыдуу : алар айтыштарга-атайын акындык кγчтγ сынашкан мелдештерге, элдик жыйындарга, аш-тойлорго катышкан.

Акындар поэзиясынын бирден-бир өзгөчөлүгү ал, баарынан мурда, жеке өз алдынча көрүнүш. Бирок, тилекке каршы кылымдар бою жазмасы, басмасы жок элдин арасынан чыккан не бир таланттуу акындардын чыгармалары, биздин күнгө жетпей калды. Алардын наамдары кылымдардын калың катмарында калды. Кыргыз жеринде Совет бийлиги орноп, социализм курула баштаганда биринчи иретте элдин кат-сабатына көңүл бурулду. Натыйжада улуттук жазма, басма, басылмалар пайда болду. Дал ушундай мурда болуп көрбөгөндөй өзгөрүштөрдөн кийин акындар поэзиясы өзүнүн поэтикалык тагдырын түп-тамырынан бери өзгөрттү. Оозеки түрдө өнүгүп-өөрчүп келе жаткан поэзия, эми кагаз бетине түштү. Дал ушул социалдык-коомдук, маданий-тарыхый бурулуштун натыйжасында Арстанбек менен Калыгулдун, Токтогул менен Жеңижоктун, Калмырза менен Чондунун, Эсенаман менен Үмөтаалынын, Барпы менен Корголдун, Эшманбет менен Нурмолдонун, Токтоналы менен Ысмайылдын, Калык менен Алымкулдун жана башка ысмы сакталып, алар жараткан поэзия кыргыз элинин рухий байлыгын, маанилүү бөлүгүн түзүп калды. Булардын жараткан чыгармаларын оозеки түрдө эмес китебин окугандар Токтогул менен Жеңижоктун, же Барпы менен Алымкулдун бир-бирине окшоштуруп чаташтырбайт. Аталган акындардын ар бири өз алдынча, жеке поэтикалык көрүнүш экени чыгарманын көркөмдүк түзүлүшүнөн, дүйнөгө, турмушка, адамга, жаратылышка болгон өздүк мамилесинен ачык эле көрүнүп турат. Ошондой болсо да акындар буларды бириктирип турган жалпы бир өзгөчөлүк, касиет-сапат бар, ал салттуу, кылымдардан бери муундан-муунга өтүп келе аткан эстетикалык фольклордун негизинде (индивидуалдуулук жана традициялуулук) “Акындар поэзиясы”. жаралат.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]