Акысыз программалык камсыздоо үчүн кошумча терминдер

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

Эркин программалык камсыздоо үчүн FOSS жана FLOSS өңдүү ачык булактуу кошумча шарттар 1990-жылдардын аягында эркин жана ачык булактуу программалык камсыздоону колдонуучулар арасында талаштуу маселе болучу. Бул терминдер лицензиялары жана өнүгүү ыкмалары жагынан дээрлик бирдей эле критерийлерге ээ.

Менчик жана тиркемелер[оңдоо | булагын оңдоо]

Бул шарттардын бири да, же "эркин программалык камсыздоо" термини да товардык белги болгон эмес. OSI ден чыккан Брюс Перенс "ачык булак" деген сөздү АКШ да OSI нин кызмат белгиси катары каттатууга аракет кылган, бирок бул далаалат товардык белгинин тийиштүү талаптарына шайкеш келген эмес. OSI товардык белги болгон "OSI сертификаты" аталышка талапкер болуп, аны каттатууга арыз жазганы менен документтерин толтурган эмес. Америка Кошмо Штарттарынын патенттер жана товардык белгилер боюнча бюросу аны "ташталган" деп атайт.

"Акысыз программалык камсыздоо" термини FSF аныктамасы менен байланышы бар болсо да, ал эми "ачык булактуу программалык камсыздоо" OSI аныктамасына кирсе да, башка терминдер бир да топтор тарабынан жарыяланган эмес. FSF менен OSI аныктамалары бир-биринен башкача жазылганы менен, алар камтыган программалык камсыздоо дээрлик окшош.

Бардык терминдер бир-бирин алмаштыра алышат, колдонуу үчүн тандап алуу негизинен саясий (белгилүү бир топту колдоону каалоодон) же практикалык (бир термин баарынан айкын деп эсептөө) болот.

Эркин программалык камсыздоо менен ачык булактуунун ортосундагы негизги айырмачылык бул алардын философиясынан билинет. Free Software Foundation ылайык "дээрлик бардык ачык булактык программалык камсыздоолор – бул акысыз программалык камсыздоо. Бул эки термин программалык камсыздоонун бир эле категориясын сүрөттөшөт, бирок алар принципиалдуу түрдө ар кыл мааниге негизделген көз караштарга арналган".

Тарыхы[оңдоо | булагын оңдоо]

Шилтемелер[оңдоо | булагын оңдоо]