Ак-Булак шаарчасы

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

Ак-БулакТүп районунундагы шаарча. Ысык-Көл ойдуңунун түндүк чыгышында, Күнгөй Ала-Тоонун этегинде, Каракол шаарынан 42 км, райондун борбору Түп кыштагынан 15 км түндүк-батышта, Балыкчы бекетинен 178 км аралыкта жайгашкан. 1961-ж. негизделген. Аянты 25 га. Калкы 1,1 миң (2009). Күрмөнтү цемент жана кыш заводдору бар. Ал жылына республикада өндүргөн клинкердин 8,5%ин (83 миң т), цементин 8,0%ин (97,1 миң т) иштеп чыгарат. Орто мектеп, бала бакча, клуб, китепкана, оорукана бар.

Колдонулган адабият[оңдоо | булагын оңдоо]