Ак-Инектин белеси
Көрүнүш
| Параметр text не задан |
«Ак-Инектин белеси»— комузчу Асанаалы Кыштообай уулунун «Манастын» обонуна салып чыгарган күүсү. Күүдө Акшумкарын алдырып ийген Семетей Айчүрөктүн артынан барып, Ак-Инектин башында дүрбү салып Акункандын шаарын карап отуруп, Үргөнчтүн боюнда күтүп жаткан Айчүрөктү көргөнү, Тайбуурулду мингизип Күлчорону чалгынга жөнөткөнү баяндалат. Күү автордун өзүнүн аткаруусунда кыргыз үналгысынын фондусуна жазылып алынган.
| Бул макалада башка тил бөлүмүнө шилтеме жок. Сиз аларды издеп бул макалага кошуп, долбоорго жардам берсеңиз болот. |
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]"Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440. ISBN -5-89750-013-4