Ак-Сай суусу (Aт-Башы)

Википедия дан
Ак-Сай суусу
Мүнөздөмө
Узундугу 96 км
бассейндин аянты 7 440 км²
Жайгашкан орду
Өлкө  Кыргызстан
Област Ысык-Көл облусу
Район Ат-Башы району

Ак-Сай суусуАт-Башы районундагы суу, Какшаал дарыянын негизги түзүүчүсү. Ички Теңир-Тоодогу Ак-Сай өрөөнү аркылуу агат. Узундугу 96 км, алабынын аянты 7440 км2.

Ат-Башы кырка тоосунун түштүк капталындагы мөңгүлөрдөн башталып, адегенде – Кең-Суу, оң тараптан Терек суулары кошулган соң, Ак-Сай деп аталат. Ак-Сай өрөөнү аркылуу чыгышка карай агып, Мүдүрүм жана Көк-Кыя суулары кошулуп, Какшаал суусун түзөт.

Куймалары: Кызыл-Суу, Кошкараташ, Муздабас, Жолбогошту (сол), Терек, Текелик, Кулжабашы (оң).

Нугу башынан аягына чейин дээрлик кенен (100–1000 м), суусу салаалап жай агат. Июль, август айларында кирип, сентябрдан тартыла баштайт. Жылдык орточо чыгымы 9,3 м3/сек; эң көбү – 20,5 м3/сек, эң азы – 3,26 м3/сек. Алабында жалпы аянты 120,9 км2 келген 93 мөңгү бар. Боюнда Тармалсаз кыштагы жайгашкан.

Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргызстандын географиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. - Б.: 2004. ISBN 9967-14-006-2