Ак-Суу санаторийи

Википедия дан

Ак-Суу санаторийи - Каракол (Пржевальск) шаарынан 15 км аралыкта, бийик тоолуу Ак-Суу өрөөнүндө деңиз деңгээлинен 1950 м бийиктикте жайгашкан бальнеологиялык дарылоо мекемеси. Аймагында карагай, четин, бөрү карагат ж. б. мөмөлүү өсүмдүктөр өсөт. Ак-Суунун ысык дары суулары жергиликтүү элге небактан бери белгилүү болгон. 2 ванна корпусу жана 2 барак тибиндеги жай курулган. 1957-жылдан бери балдардын шал ооруларын (полимиелит) дарылоочу жыл бою иштөөчү санаторий. Анын климатына жайыкышы тоңбогон Ысык-Көл, бийик тоо жана узун, тар капчыгай таасирин тийгизет. Тоо климаты менен деңиз климатынын айкалышып турушу кыштын жумшак, жайдын салкын болушун камсыз кылат. Ысык, өтө ысык жана радиоактивдүүлүгү төмөн азот газы аралаш минералдуу суулар дарылоонун негизин түзөт. Курортто жерден чыккан тогуз булак бар. Алардын ичинен дарылык үчүн №1 булактан чыккан ысык суу гана колдонулат. Андагы минерал заттар бир литрде 350 гга жетет. Хим. составы б-ча Ысык-Атанын арашан суусуна жакын, бирок аниондордон хлорид менен сульфаттар, катиондордон натрий, калий менен кремний кислотасы көптүк кылат. Жерден өзү атылып чыккан суулар өтө ысык болгондуктан (57°С) адегенде муздаткыч бассейнге агып келип, андан кийин ванналарга барып, керектелүүчү температурада колдонулат. №2 4 булактын суусу ичилет. Оорулуу балдарды айыктырууда анын минералдуу суулары жакшы жардам көрсөтөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1