Ак-Суу өрөөнү

Википедия дан
Файл:789456.jpg
Ак-Суу өрөөнү.

Ак-Суу өрөөнү - Тескей Ала-Тоонун түндүк капталында. Аксуунун эки айрыгы — Алмалы (оң) жана Алтынарашан (сол)өзөндөрүнөн орун алган.Чыгышында Ичкежергез,Бууракан, батышында Каракол, Жыланды тоолору (Тескей Ала-Тоонун тармактары) жатат. УЗ. 60 км, туурасы 0,02–2,5 км, орт. бийикт. 2000–3900 м, капталдары тик (30–40°), айрыкча өрөөндүн оозу, Ортоктун эки жагы (Кептеш, Тайгак-таш) 60–70°, таманы кууш (20–50 м). Алмалынын башжагы (3500–4100 м) мөңгүлүү, зоолуу келип, тепши сымал; ортоңку бөлүгү (2400–3500 м) кенен, малга жайлуу; төмөн жагы (2100–2400 м) кууш капчыгай, Алмалы суусу чулу гранит тегин кесип, шар агат. Алтынарашан меридиан багытында жатат, баш жагы мөңгүлүү, мореналуу, ортоңку бөлүгү тепши сымал,аягы кууш (каньон), өрөөн эрозиянын на-тыйжасында пайда болгон; ал гранит, кумдук жанаа акиташ тектеринен турат. Климаты континенттик, июлдун орточо температурасы 13–14° С, январдыкы 7...—9° С. Жылдык жаан-чачыны 500–800 мм. Мөңгүлөрү: Кашка-Суу, Алтын-Арашан, Ашуу-Суу, Алмалы ж. б. Ири суулары: Алтынарашан, Алмалы; алардын куймалары: Ашуу-Cуу, Кашка-Cуу, Шаркыратма, Айланма. Өрөөндө боз, күрөң жана шалбаа топурактары басымдуу. Алтынарашандын төмөнкү жана ортоңку бөлүгү калың карагайлуу. Алмалыда карагай Ортоктун үстүнөн жогору карай 30–35 кмге созулат. Тескейи карагай черлүү; бадалдуу карагайдын арасында четин, шилби, терек, тал, итмурун өсөт. Арча, табылгы жана бадал Алмалынын эки бетин тең ээлейт. Өрөөндө карагайдын бийикт. 30–35 м, жоондугу 08– 1,5 мге жетет. Мындай чоң карагайлар Кыргызстандын башка аймактарында сейрек кездешет. Өрөөн кооз жана ысык булактар бар; малга жайлуу.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Кыргызстандын географиясы", Б.2004