Актурпак үңкүрү

Википедия дан
Ак-Турпак, үңкүр‎»‎ барагынан багытталды)

Ак-Турпак үңкүрү - Баткен облусундагы Кадамжай районун аймагында. Актурпак кыш-на жакын жерде.

Үңкүрдүн узундугу 120м туурасы 15–20 м, бийикт. 5 мге чейин. Палеогендин гипстүү катмарларында пайда болгон. Анда зергердик селениттин ак жана кызгылт түрлөрү арбын. Аэроиондуулугу боюнча да айырмаланат (1 см3 абада 24 миң аэроион кездешет; Кочкор туз дарылоо үңкүрүндө 1 см3 абада 5 миң аэроион гана). Үңкүрдү мурда жергиликтүү эл ыйык туткан; ага байланыштуу уламыштар бар.

Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]