Ак-Өгүз мөңгүсү

Википедия дан

Ак-Өгүз мөңгүсү - Борбордук Теңир-Тоодогу өрөөн тибиндеги мөңгү. Какшаал кырка тоосунун түндүк капталынан башталган Жаңгарт суусунун алабында жайгашкан. Узундугу 7,4 км, аянты 20,1 км2. Мөңгүнүн башы деңиз деңгээлинен 5148 м, этеги 3730 м бийиктикте жатат. Мөңгү аркылуу аты уйкаш ашуу өтөт. Этеги 1943-62-ж. 500 мге чегинген. Мөңгүдөн агып чыккан суу Жаңгарт суусуна оң жактан куят.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14—046—1