Ак Мөөр (поэма)

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

“Ак мөөр” поэмасынын бир нече варианты бар. Чыгарманын бир варианты алгач 1923-ж. Таластан Өмүрбек Кудайбергенов жана Сапарбай Бокочиевден Каюм Мифтаков жазып алган. Экинчи вариантын да К Мифтахов манасчы Кожеков Жаңыбайдын айтуусунда Фрунзеде 1936-ж. кагазга түшүргөн. Үчүнчү вариантын 1940-ж Боронбаев Абдырайымдан, Абдыкалык Чоробаев жазып алган. Төртүнчү варианты К. Акиевдики. 1957-ж. Асылбек Эшматов «Ак Мөөрдүн» өз алдынчалыгы менен айтылган вариантын түзөт. 1958-ж. Ала-Бука р-нунда жашаган Жолдошов Баатырбектен Аалы Токомбаева да бир вариантын жазып келген. 1965-ж. Кетмен-Төбөдөн Дыйканбаев Сарыкунандан экспедициянын мүчөлөрү жетинчи вариантын жазып алышат.

«Ак Мөөр» поэмасынын башатында «Болоттун ыры», «Болоттун арманы», «Мөөрдүн арманы» деген тарыхый ыр түзүлгөн. Бара-бара алардын тегерегинде окуя кеңейип, поэмалык деңгээлге көтөрүлгөн. Поэманын негизги каармандары Жантай хан, Ак Мөөр, Болот тарыхта болгон, XIX кылымда жашаган реалдуу адамдар. Поэманын окуясы да таза автордук же айтуучулук кыялдануудан жаралган эмес, анын мазмундук өзөгүндө чындык окуя жатат. Өсүү жолунда анын айланасына ар кандай уламыштар, аңыз-аңгемелер, айтуучунун ой жүгүртүүсү, кошумчасы топтолуу менен айрым деталдык жаңылануулар, өзгөрүүлөр кирип, толук кандуу поэма түзүлүп, вариантуулукка көтөрүлгөн. «Ак Мөөрдүн» окуясына калк тарабынан кызыгуу артып, Кыргызстандын түндүк, түштүгүнө кеңири тарап, бир канча варианты (бизге белгилүүсү жетөө) катталган. Бирок Ак Мөөр тууралуу профессионалдык деңгээлде поэмалар жазылып, телетасма тартылып, драма сахналаштырылгандыгына карабастан, Совет бийлиги мезгилинде чыгарманын тарыхый чындыгы кадимки өз деңгээлинде ачылбай келген. К. Акиев түзгөн вариант жогоркулардан кескин айырмалуу, ал «Ак Мөөрдү» толук түрдө эпикалык формага түшүргөн. Анын айтуусунда фольклордук мүнөздөмө аз өлчөмдө колдонулуп, акындык жетекчилик басымдуулук кылат. Чыгарманы жанырдык жагынан баа бергенде эпостук жагдайга көбүрөөк оошот. Бул Калыктын өзүнүн өмүр жолунда эпосту көп айтып, ошол багытта чыгармачылык өнөрканасынын калыптангандыгы менен түшүндүрүлөт. Калыктын айтуусунда акылмандуулугу, калыстыгы, таамай сүйлөгөн курчтугу, чечендиги белгилей өтөт. “Ак Мөөр” тарыхый жана көркөм кыялдын айкашынан жаралып, калктын сүймөнчүлүгүнө ээ болуп, элге кеңири тарап кеткен поэма болуп саналат.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]

  • Кыргыз адабияты: энциклопедиялык окуу куралы. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, - Б.: 2004

Интернеттеги шилтемелер[оңдоо | булагын оңдоо]