Ак Суу мөңгүлөрү

Википедия дан

Ак Суу мөңгүлөрүТескей Ала-тоонун түн. капталындагы татаал-өрөөн тибиндеги үч мөңгү.

Жыргалаң суусунун сол куймасы Аксуунун төрүндө катар жайгашкан. Батыш Аксуу мөңгүсүнүн уз. 4,0 км, аянты 3,9 км2. Эки ири алапка ээ, алардан чыккан муз агымдары биригип бир «тилди» түзөт. Мөңгүнүн бети тегиз, айрым жерлерде чакан жаракалар тилкеси жатат. Бетиндеги күдүрлөр ж-а үкөк сымал муздар мөңгүнүн бир өңчөй айдөөш бетин бир топ татаалдантат. Мөңгүнүн башы деңиз деңг. 4530М, этеги 3020м. Кар чегинин бийикт.3780 м. Абляция облусунун аянты 2,2 км2. Ортоңку Аксуу мөңгүсүнүн уз.3,9 км, аянты 6,2 км2. Мөңгүнүн башы деңиз деңг. 4670 м, этеги 3340 м бийикте жатат. Кар чегинин бийикт. 3780 м. Абляция облусунун аянты 1 ,9 км2. Жогорку бөлүгүндө чоң татаал цирк бар. Анын фирн талаасы суу бөлгүчтүн кырына чейин жетпейт. Цирктен кууш мөңгү салаасы жылып чыгат, бул бөлүгүндө омкорулма муздар жатат. Андан төмөн мөңгү далы сымал жайылат. Каптал мореналардын жатышы мөңгүнүн тартылып жатканды гына күбө. Этеги мореналар м-н капталган. Чыгыш Аксуу мөңгүсүнүн уз. 4,9 км, аянты 3,7 км2. Мөңгүнүн башы деңиз деңг. 4720 м, этеги 3340 м бийикте жатат, кар чегинин бийикт. 3780 м. Абляция облусунун аянты 0,2 км2. Мөңгүлөрдөн Аксуу суусу башталат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71–72. ISBN 9967-14-006-2