Ак ыр

Википедия дан

Ак ыр — уйкашсыз ыр. Мындай ырларда ритм сакталат да, рифма болбойт. Орус поэзиясында А. С. Пушкин-дин («Борис Годунов») кичинекей трагедиялары, Н. Некрасовдун («Орусияда кимдер жакшы жашайт?») айрым поэма-ырлары ак ыр формасында жазылган. Кыргыз поэзиясында да анда-санда мындай бейуйкаш ырлар учурай калып жүрөт.

Мисалы:

  • Айлуу кырда чөп үймөктөр,
  • Чөп үймөктүн далдаасында.
  • Олтурдук биз кепке дейре,
  • Жердеш келин, жердеш улан.
  • Сүйлөштүк да, сүйлөшпөдүк,
  • Арыраакта жатты чалгы.
  • Ай чыга элек кезде келип,
  • Ай батаарда кетип калдык.

(С. Акматбекова)

Булак[түзөтүү | булагын түзөтүү]