Ак үйлүү мундуз, урук

Википедия дан

Ак үйлүү мундуз - мундуз уруусунун курамындагы ири урук[1].

Этнонимдин параллелдери бүгүнкү түркмөндөрдө - “агөйли”, көчмөн-өзбек урууларында - “ак үйли” формаларында кездешет[2]. ”Ак уйлик” термини орто кылымдардагы түрк тилдеринде (чагатай тилинде) "барымта" маанисин аныктаган[3].”Ак үйлүү” термининин биринчи мааниси “тектүү жерден барымтага кармалгандар” дегенди туюнтат. Урууну, элди баш ийдирип кармап туруу максатында, же болбосо эки мамлекеттин ортосундагы өз ара түзүлгөн келишимдин кепили катары тектүү адамдардын балдарын барымтага кармоо байыркы жана орто кылымдарга мүнөздүү көрүнүш болгон. Бул саясий-дипломатиялык ыкманы кытай династиялары да өтө кенен пайдалангандыктары маалым. Көчмөн элдерде барымтага кармалгандар (же берилгендер) хан сарайына жакын жердеги ак боз үйлөрдө сыйлуу туткун деңгээлинде, терең көзөмөл астында турушканы белгилүү. Бул тарыхый термин (“ак үй-лүү”) ушул себептерден улам келип чыккан[4]. Экинчи мааниси түркмөндөрдө, ошондой эле, каршилик көчмөн өзбектерде уруунун ээлеген чегин кайтарган, үй-бүлө күтө элек боз уландардын тобун түшүндүрөт[5]. С.М.Абрамзон көчмөн элдерде байыртадан туруктуу сакталып келе жаткан эзелки барымта салтын “Манас” дастанында да кенен чагылдырарын белгилейт[6].

Эскертүүлөр[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Аттокуров, 1995, 163.
  2. Атаниязов, 1988,13; Абрамзон, 1990, 222.
  3. М И К К , 1972, 241.
  4. Аннанепесов, 1984, 57-58.
  5. Абрамзон, 1990, 224; Атаниязов, 1988, 13.
  6. Абрамзон, 1990, 222.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]