Алабакан

Википедия дан

Алабакан - 1) тамак-аш, идиш-аяк, кийим-кече ж.б. илине турган 2-3 м узундуктагы жыгач буюм. Алабакан көп ача-бутактуу, илгич болууга ылайыктуу четин, арча, кайың, тал ж. б. жыгачтардан жасалган. Мындай алабакандар боз үйдүн ашканасында болгон. Тамак-аш, идиш-аяк илинген алабакан чыгданды да жөлөп турган. Ошондой эле көп кырдуу, сайлуу же жумуру түз жыгачтын бир нече жерине жез, темир же күмүш илгичтер чөгөрүлгөн, оймо-чиймелер менен кооздолуп жасалган алабакан да колдонулган. Мындай алабакан кооздук буюм катары жүктүн эки жагына коюлуп, эр жагындагысына эркектердин кийим-кечеси, куралдары, ат жабдык буюмдары; эпчи жагындагысына аялдардын сый кийими, жасалгалары, ж. б. илинген. 2) алабакан түрүндө жасалган түр, оймо, сайма, терме, чийме. Аларга түшүрүлгөн оюмдардын ар бир ачасынын башы башка түрлөр менен айкалыштырылган. Мындай оюмдар чырмалып согулган чыгданда, тушкийиз жээктеринде, алагийизде, тегирич, кылдырооч таарларында кеңири колдонулган. Бүгүнкү кыргыздын бозүй эмеректеринин ичинде ал сейрек кездешет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1