Алайчиев Сыдык

Википедия дан

Алайчиев Сыдык (Бала ырчы) (1894, Карасуу району –1983, Карасуу) – акын. Төкмөлүк өнөр менен 16 жашынан баштап алектенген. Токтогул, Барпы, Ботобай, Ташмат, Арзыбай, Дооран, Абдымомун, Маканбай, Мырза сыяктуу түштүктүн белгилүү акындары менен айтышып, сабак алып, өнөр сынашкан. А. Барпы менен бир нече жолу айтышкан. Бала ырчынын талантын Барпы баалап, моюнга алган. Токтогул менен алгач жолугушусунда:

Сагын бийдин ашында,
Саналуу ырчы топтолду.
Ырдашыңды билип айт,
Ырчылар, санатта башың жоктолду.
Тургандардын баары ырчы.
Чогулуп келди бул жерге,
Чойкара, Барпы, Сары ырчы.
Токтогул менен Ботобай,
Токтонуп калган кары ырчы
Он сегизге чыга элек,
Мен боломун бала ырчы, – деп андан ары Токтогулдун акындыгын, акылынын тунуктугун, жаштарга насаатчы болуп жүргөнүн ырдап өтөт. С. Алайчиевдин өмүр-өлүм, жакшылык, жамандык, аруулук, сулуулук сыяктуу жалпы адамзаттык проблемаларга арналган санат-насыят, терме ырларынын тарбиялык, дүйнө таануучулук мааниси зор.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]