Алай көмүрлүү аймагы

Википедия дан

Алай көмүрлүү аймагы - Алай өрөөнүнүн түн. бөлүгүндө.

Аймакта Балык, Белалма, Кашкасуу, Норускөл, Көксуу ж. б. бир нече кен белгилүү. Көмүр Алай мезозой-кайнозой бүктөлүүсүнүн түн. канатында жайгашкан. Көмүрлүү катмар юра мезгилинин чөкмө тектеринин арасында жатат. Үстүн бор ж-а палеоген-неоген мезгилдеринин чөкмө тектери жаап калган. Көмүр катмарларынын калыңдыгы 0,86 мден 3,60 мге чейин. Күлдүүлүгү арбын, күйгөндө жылуулук берүү энергиясы 17,91 МДж/кг, күкүрттүүлүгү 1,6%. Кендери 1993-жылдан казып алынууда.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71–72. ISBN 9967-14-006-2