Алай ханышасы-Курманжандатка

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search


Алай ханышасы-Курманжан датка

1832-жылы 21 жаштагы Курманжанга адигине уруусунун бийи катары жана Кокон бийликтерине кызмат кылып, датка деген наам алган, элге билгилиги менен маалым Бек Алымбек датка кокусунан жолугуп сѳз салат, андан кѳп узабай экѳѳнүн тагдыры кошулгандыгы тууралуу кеп угулат.
Ошол күндѳн баштап ,Курманжан ѳз чѳлкѳмүндѳ гана эмес, күчтүү мамлекет болуп эсептелген Кокон бийликтеринен иш- аракеттерине күйѳѳсу Алымбек датка менен катар аралаша баштайт. Курманжан күйѳѳсу Алымбек датка менен катар аралаша баштайт. Курмажан күйѳѳсу Алымбек датка Кокондо мамлекеттик бийлик кызмат аткарып жүргѳндѳ анын ордунда билгилик менен элин башкарган. Ал эми Алымбектин мамлекеттик иштеринде акылман кенешчи катары тынбай ѳз ойлорун ортого салып турган.
Алымбек менен Курманжан 29 жыл бирге ѳмүр сүрүшүп, ошол кездеги аз сандуу жоокери болгон кайраты мол кыргыз элинин бир канатына кам кѳрүп отурушту. 1862- жылы Алымбекти кас душмандары Кокондо ѳлтүрүп кетишкенде, тагдырдын соккусуна мүңкүрѳп отуруп калган эмес. Тескерисинче, күйѳѳсунун , ѳзүнун кѳсѳмдүгү жана дипломатиялык жѳндѳмдүүлүгү менен Алайдын гана кыргыздарына эмес, Фергана ѳрѳѳнүнѳ данктуу башкаруучу катары таанылган.
1862- жылы Кудаярды экинчи жолу такка отургузуу маалында, ага таяныч табуу ишенимде Ошко Бухара эмири Музаффар келет. Ал ошол мүдѳѳсүн ишке ашыруу менен бирге Алымбек датканын ордуна бирѳѳнү дайындап ага «датка» деген наамды ыйгарып кетүү вазипасын да аткарып кетүү керек эле. Бул орунга Музаффар Алымбек датканын уулу Жаркынбайды сунуштайт. Бул даражаны алуудан Жаркынбай караманча баш тартып, ѳз туугандары учсуз ойлордун түйүнун тынбай чечүүгѳ аракет жасап отурушуп, бул орунга Курманжан гана ылайыктуу экениндигин сѳз салышып , Музаффар улукка кеп айтышат. Музаффар эмир бирде Курманжанга ишенген элге, бирде анын иш билгилигине таң калып, кийинки сунушту макул кѳруп ,муну Кудаяр ханга билдирет. Кудаяр хан Курманжанга «датка» деген наамды ыйгарууга аргасыз болот. Буга чейин Орто Азия жана түрк элдеринде датка даражасын алып жургѳн аял тарыхта болгон эмес экен. Ал кабар элге тез таркайт. Курманжан датка ошол учурдагы орус тѳбѳлдѳрүнѳ да коомдук жана мамлекеттик ишмер, акылман жана билгиликтүү башкаруучу, элине камкоор эне катары кадыр баркка ээ катары ээкендиги менен да белгилүү болгон. Бекеринен аны Кауфман баш болгон орус генералдары «Алайханышасы» деп атаган эмес. Курманжан датка ѳз мезгилинде Россия падышачылыгынын Фергана ѳрѳѳнүндѳгү ишенимдүү акимдери Скобелев, Ионов, Черняев, Фон Кауфман, Духовский сыяктуу генералдар, атүгүл согуш министри А.Н. Куропаткиндердин урмат- сыйына арзыган. Анын акылман саясаты, билгичтиги, орус-кыргыз элдеринин ортосундагы куралдуу кагылышууларды токтотуп, тынчтыкта жашоого жол ачкан.