Алакунов Айып Аманович
| Төрөлгөндөгү ысымы |
Айып Алакунов |
|---|---|
| Туулган датасы | |
| Туулган жери | |
| Өлкө | |
| Жанры | |
| Стили | |
| Сыйлыктары | |
Алакунов Айып Аманович (1-январь 1978-жылы; Казыбек, Ат-Башы району, Нарын облусу, Кыргыз ССР, КСРБ) — сүрөтчү-живописчи, Кыргыз Республикасынын Сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү.
Өмүр баяны
[түзөтүү | булагын түзөтүү]1978-жылы 1 январьда Нарын облусун Ат-Башы районунун Казыбек айылында төрөлгөн.
Билими
[түзөтүү | булагын түзөтүү]1998-жылы С. А. Чүйков атындагы Кыргыз мамлекеттик көркөм өнөр училищесинин педагогика бөлүмүн бүтүргөн.
2003-жылы Т. С. Садыков атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук көркөм өнөр академиясынын станоктук живопись факультетин аяктаган.
2007–2010-жылдары — Т. С. Садыков атындагы Улуттук көркөм өнөр академиясынын чыгармачылык аспирантурасынын аспирантурасында окуган.
2003-жылдан бери Т. С. Садыков атындагы Улуттук көркөм өнөр академиясынын алдындагы Көркөм колледжинде окутуучу болуп иштейт.
2002-жылдан тартып Кыргыз Республикасынын Сүрөтчүлөр союзунун Жаштар бирикмесинин мүчөсү.
Тандалма көргөзмө ишмердүүлүгү
[түзөтүү | булагын түзөтүү]2002 жылы — Жаш сүрөтчүлөрдүн «Замандын жаңырыгы» аттуу көргөзмөсү. «Мээрим» фонду. Бишкек, Кыргызстан.
2003 жылы — Жаш сүрөтчүлөрдүн «Чыйыр» аттуу көргөзмөсү. Г. Айтиев атындагы КР Улуттук көркөм искусство музейи. Бишкек, Кыргызстан.
2004 жылы — Эл аралык көргөзмө «Ай нурунун жаркыроосу». Түркия.
2005 жылы — Эл аралык көргөзмө «Асман асты» (пленэр), Сорос фонду тарабынан уюштурулган долбоор. Г. Айтиев атындагы музей. Бишкек, Кыргызстан.
2007 жылы — Жаш сүрөтчүлөрдүн «Рабат» аттуу көргөзмөсү. Г. Айтиев атындагы музей. Бишкек, Кыргызстан.
2002–2003 жылдары — «Жаш кылым чеберлери» аттуу көргөзмөлөр. Г. Айтиев атындагы музей. Бишкек, Кыргызстан.
2011 жылы — Жаш сүрөтчүлөрдүн «Бүгүн» аттуу көргөзмөсү. (II даражадагы диплом). С. А. Чүйков атындагы искусство борбору. Бишкек, Кыргызстан.
2013 жылы — «Кыргыз сүрөтчүлөрүнүн көркөм өнөрүндөгү Астана» көргөзмөсү. Астана, Казакстан.
2013 жылы — Топтук көргөзмө «Асман тоолорунун эртең мененки тазалыгы». Сеул, Түштүк Корея.
2013 жылы — «Манас ааламы» аттуу көргөзмө-сынагы. I орун. Бишкек.
2013 жылы — «Ж. Шералиев сүрөтчүлөрдүн көзү менен» көргөзмө-сынагы. I даражадагы диплом.
2014 жылы — Орусиянын искусство жумалыгы. Борбордук сүрөтчүлөр үйү (ЦДХ), Москва, Орусия.
2015 жылы — «Жибек жолу» көргөзмөсү. Түштүк Корея.
2016 жылы — «Ташауз — маданият борбору» көргөзмөсү. Ташауз, Түркмөнстан[1].
Жанры
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Айып Алыкунов өзүнүн картиналарын тарыхый жанрда жаратат[2].
| Мен кыргыздардын тарыхы боюнча картиналарды жазам. Мени дал ушул искусствонун түрү көбүрөөк тартып турат. Кыргыздардын тарыхын көбүрөөк сүрөттөш керек деп ойлойм жана колумдан келген салымымды кошууга аракет кылып келем Айып Алыкунов |
