Аламүдүн суусу

Википедия дан
Аламүдүн, өзөн‎»‎ барагынан багытталды)
Аламүдүн суусу
Аламүдүн суу сактагычы. Бишкектен түштүк тарапта жайгашкан
Аламүдүн суу сактагычы. Бишкектен түштүк тарапта жайгашкан
Мүнөздөмө
Узундугу 78 км
бассейндин аянты 317 км²
Жайгашкан орду
Өлкө  Кыргызстан

Аламүдүн суусуКыргызстандын Аламүдүн районундагы суу, Чүй дарыясынын сол куймасы. Узундугу 78 км, алабынын аянты 317 км2.

Кыргыз Ала-Тоосунун түндүк капталындагы Аламүдүн мөңгүсүнөн башталып, жогорку бөлүгү кууш капчыгай аркылуу шар агат. Чүй өрөөнүнө чыкканда нугу кеңейип, тайыздайт. Бишкек шаарын аралай түндүккө карай агат.

Аламүдүн районунун Беш-Күңгөй айылына жетпей (Бишкектен түштүк тарапка) турган суу бөлүштүргүч.

Ага 33 майда өзөн куят. Ири куймасы — Чуңкурчак (19 км). Алабында жалпы аянты 0,8 км2 жеткен 22 майда көл, 74,2 км2 келген 53 мөңгү бар. Май айында кирип, сентябрда тартылат. Жылдык орточо чыгымы 6,36 м3/сек; байкалган эң көп чыгымы 300 м3/сек, эң азы — 0,74 м3/сек.

Аламүдүн капчыгайынан Чүй өрөөнүнө чыга бериште (Көк-Жар кыштагы тушта) суу бөлүштүргүч курулган. Боюнан Көк-Жар, Таш-Мойнок, Беш-Күңгөй, Аламүдүн кыштагы орун алган.

Сугатка кеңири пайдаланылат.

Галерея[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Дагы караңыз[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967-14-046-1
  • Кыргызстандын географиясы / Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. - Б.: 2004. ISBN 9967-14-006-2