Алатоо крокусу

Википедия дан
Алатоо крокусу
Илимий классификация
дүйнөсү: Өсүмдүктөр
тукуму: Чекилдектер
түрү: Алатоо крокусу

Алатоо крокусу (Crocus alatavicus) — чекилдектер тукумунун бир түрү.

Көп жылдык пияз түптүү өсүмдүк. Пиязтүбү тоголок, бийикт. 1-2 cм, калын күрөң кабыктарга оролгон. Жалбырактарынын саны 5-15, кууш тасма сымал, эни 2 мм, гүлү ак, жыпар жыттуу, мөмөсү сүйрү кутуча. Февраль, апрелде алгачкы гүлдөөчү өсүмдүктөрдөн болуп гүлдөйт. Март, июнь айларында уругу жетилет. Таралган аймагы — Чүй өрөөнү, Кыргыз Алатоолору, Талас, Фергена. Чопо топурактуу өрөөндөрдө, адырларда өсөт, кооз өсүмдүк.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Биология (энциклопедиялык окуу куралы).-Б.: 2004, ISBN 9967-14-002-4