Алач

Википедия дан

Алачэтноним. Эпос боюнча Алашкандан тараган эл, кыргыз, казактын жалпы аты, ошондуктан эпосто А. балдары, А. эли деп көп жолу кезигет. Тарыхый жазма эстеликтерге таянганда орто кылымдагы казак, кыргыздардын уруу союзунун аталышы. Кыргыз, казак элдеринин курамына кирген бул союздагы уруулар: катаган, каңгы, жалайыр Урус кандын тушунда (14-кылымда) Ак-Ордодо башкы ролду ойношуп, А. деген ат алгач жазма эстеликтерде белгилүү боло баштаган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

"Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440. ISBN -5-89750-013-4