Ала-Буга, өзөн

Wikipedia дан

Ала-Буга өзөнү, суусуАк-Талаа районундагы суу, Нарын дарыясынын сол куймасы.
Узундугу 180 км, алабынын аянты 5820 км2.
Фергана тоо тизмегинин түштүк-чыгыш жана Торугарт кырка тоосунун түндүк капталдарынан башталат. Жогорку бөлүгү Арпа деп аталып, Арпа менен Бычан кошулуп Ала-Буганы түзөт. Арпа өрөөнү аркылуу агып, Ортоңку Нарын өрөөнүнө чыкканда нугу кеңейип, суусу тайыздайт.
Куймалары: Жамандаван (64 км), Коңорчок (39 км), Кашка-Суу (33 км), Кумарык (23 км; оң), Бычан (40 км), Сөөк (45 км), Макмал (41 км), Кара-Суу, Миң-Жылкы, Мынакелди, Кырчын-Булак (сол).
Майда кирип, октябрда тартылат. Жылдык орточо чыгымы 26,5 м3/сек; көбү – 124 м3/сек, эң азы – 9,70 м3/сек. Сугатка пайдаланылат. Боюнда Кош-Дөбө, Коңорчок кыштагы Шырдакбек сепилинин чалдыбары жайгашкан. Топоним балыктын атынан пайда болгондугу божомолдонот.

Адабият[оңдоо]

*Кыргызстандын географиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. - Б.: 2004. ISBN 9967-14-006-2