Албания

Wikipedia дан

Албания Республикасы
Republika e Shqipërisë

Flag of Albania.svg Герб
Мамлекеттик Желеги Мамлекеттик Герби
Урааны: «"Ti, Shqipëri, më jep nder, më jep emrin Shqiptar"
«Ты, Албания, даёшь мне честь, даёшь мне имя албанца»
»
Гимн: «Hymni i Flamurit
(Желек алдында бириктирилгендер)»
Location Albania Europe.png
Эгемендүүлүк күнү 28 ноябрь 1912

Осмон империясынан)

Расмий тили албанча
Борбор шаары Тирана
Ири шаарлар Тирана, Шкодер,
Влёра, Дуррес,
Эльбасан
Башкаруу формасы Парламенттик
республика
[1]
Президент
Министрлер кеңешинин төрагасы
Буяр Нишани
Эди Рама
Аянты
• Жалпы
• Суу бетинин %.
138 - дүйнөдө
28 748 км²
4,8%
Калкы
• Бааланган (2011)
Жыштыгы

2 831 741[2] адам (130)
126,6 ад./км²
ИДП (САМ)
  • Бардыгы (2010)
  • Ар бир жанга

23,860 млрд[3] $ (115)
8000[3] $
АДӨИ ( 2013) 0,749[4] (жогору) (70)
Этнохороним албаниялык,
албаниялыктар
Акча бирдиги лек
Домени .al
ISO коду AL
ЭОК коду ALB
Телефон коду +355
Убакыт аралыгы UTC +2

Албания, Албан Республикасы Европанын түштүк-чыгышындагы мамлекет. Балкан жарым аралынын батыш бөлүгүндө Адрия жана Иония деңиздерин жээктей 340 кмге созулуп жатат. Отранто кысыгы аркылуу Италиядан бөлүнөт. Түндүгүнөн жана түндүк-батышынан Сербия, Черногория, чыгышынан Македония, түштүк-чыгышынан Грекия менен чектешет. Аянты 28,7 миң км2. Калкы 3,1 млн (2004). Борбору Тирана шаары. Акча бирдиги — лек. Административдик-аймагы жактан 26 ретиге (адм.-айм. бирдикке) бөлүнөт.

Мамлекеттик түзүлүшү[оңдоо | булагын оңдоо]

Албания - унитардык мамлекет. Албаниянын Конституциясы 21. 10. 1998-ж. кабыл алынган. Башкаруунун формасы - парламенттик республика. Мамлекеттик башчысы - президент, (жашы 40тан жогору, Албанияда төрөлгөн жана акыркы 10 жылда 6 жылдан кем эмес туруктуу жашаган жарандар шайланат). Президент кеминде 20 депутаттын сунушу менен парламент, тарабынан 5 жылдык мөөнөткө (дагы бир мөөнөткө кайра шайлануу укугу менен) шайланат. Президент Куралдуу күчтөрдүн Башкы командачысы болуп эсептелет, өкмөт мүчөлөрүн дайындайт. Мыйзам чыгаруучу бийликтин жогорку органы - Чогулуш (Кувенд, бир палаталуу парламент). Ал 4 жылга шайланган 140 депутаттан турат (100ү бир мандаттуу округдардан, 40 мүчөсү партиялык тизме боюнча шайланат). Аткаруу бийлигинин жогорку органы - премьер-министр жетектеген министрлер Совети. Албанияда көп партиялуу система орун алган. Негизги саясий партиялары: Албания Социалистик партиясы, Албания Демократиялык партиясы, Албания Республикалык партиясы, Албания Социал-Демократиялык партиясы.

Табияты[оңдоо | булагын оңдоо]

Адрия деңизинин жээктери түзөң келип, булуңдары кургактыкка анчалык терең кирген эмес. Деңиз жээктей жазылыгы 15-40 км келген дөбөлүү ойдуң созулуп жатат. Калган бөлүгүн альп бүктөлүүсүнө кирген Түндүк Албан альп тоолору, Томори, Кораби тоо массивдери ээлейт. Түндүк четиндеги Түндүк Албан альп тоолору каньон сымал терең өрөөндөр менен тилмеленген. Климаты субтропиктик жерортолук деңиздик. Түздүктөрдө жайкысын ысык, кургакчыл; кышкысын жумшак, нымдуу. Январдын орточо температурасы 4-7°С, июлдуку 25-28°С. Жылдык жаан-чачыны 1000-1800 мм. Негизинен күзүндө жана кышында жаайт. Тоолору кыйла салкын, кышында абанын температурасы -20°Сге чейин төмөндөйт; жылдык жаан-чачыны 2500 мм. Дарыялары тоолордон кууш терең капчыгайлар аркылуу агып түшөт; ирилери: Дрин, Мати, Эрзени, Шкумбини, Семани. Шкодер, Охрид жана Преспа ж. б. көлдөрү бар. Жээк ойдуңдарын маквис, шибляк тибиндеги дайыма жашыл бадалдар, тоо этектерин жана капталдарын жазы жана ийне жалбырактуу токойлор (өлкөнүн аймагынын У2 бөлүгү токой), 2000 м бийиктиктен жогору альп шалбаасы ээлейт.

Калкы[оңдоо | булагын оңдоо]

Калкынын 92%тен ашыгы албандар (түндүгүндө гегдер, түштүгүндө тосктор), ошондой эле грек, серб, болгар, цыган ж. б. улут өкүлдөрү жашайт. Мамлекеттик тили - албан тили (грек тилинде да сүйлөшөт). Калкынын 99%ке жакыны ислам динин (мусулман сүннөттөр), калгандары христиан динин тутат. Калкынын жашынын орточо узактыгы эркектериники - 69, аялдарыныкы - 75 жаш. Орточо жыштыгы: 1 км2 жерге 107 киши (2004). Шаар калкы 37,3% (1995). Ири шаарлары: Тирана, Дуррес, Шкодер, Влёра, Корча, Фиери ж. б.

Тарыхы[оңдоо | булагын оңдоо]

Албаниянын аймагында адам ортоңку палеолитте эле жашай баштаганы белгилүү. Б. з. ч. 7-3-кылымда гректер Албанияда бир катар колонияларды негиздеген. Б. з. ч. 4-кылымда иллириялык уруулардын адепки мамлекеттик бирикмелери түзүлө баштаган. Б. з. ч. 2-к-да азыркы Албаниянын аймагын (Далмация провинциясы ж-а Македония) Рим каратып алган. Рим империясы кыйраган кезде (5-к.) Албания Византия империясына караган. 14-к-да бүткүл Албанияны Серб королу Стефан Душан басып алган. 15-к-дын башында Албанияга түрктөр басып кирет. 1443-68-ж. Скандербегдин колбашчылыгы астында албандыктар түрктөргө каршы күрөшкөн. 1479-ж. түрктөр Албаниянын бүткүл аймагын ээлеп, Албания Осмон империясынын курамына кирет. Түрктөрдүн таасири м-н ислам дини тарай баштаган. Жер. элдин түрктөрдүн үстөмдүгүнө каршы нааразылык көрсөтүү кыймылы куралдуу көтөрүлүшкө айланып, Түркия 1-Балкан согушунда жеңилгенден кийин 1912-ж. 28-ноябрда Албания көз каранды эмес мамлекет деп жарыяланат, бирок улуу мамлекеттердин көзөмөлүнө өтөт. Биринчи дүйнөлүк согуш учурунда (1914-18) Албания согуш аракеттеринин майданына айланат, согуштун аягында аны итал., сербиялык ж-а грекиялык аскерлер басып алат. Албандыктар көзкаранды эместик үчүн тынымсыз күрөш жүргүзүшүп, баскынчыларды кууп чыгышат. 1920-ж. январда албандыктардын улуттук конгресси Албаниянын көз каранды эместигин жарыялап, Тирана шаары өлкөнүн борбору болот. Албаниянын бат-бат алмашылып турган өкмөтү маанилүү саясий ж-а экономикалык реформаларды жүргүзгөн эмес. Буга нааразы болгон албандыктар көтөрүлүшүп, натыйжада 1924-ж. июнь айында буржуазиялык-демократиялык революциясы ишке ашкан ж-а Ф. Ноли башында турган демократиялык өкмөт бийликке келген. Ошол эле жылы Англия, Франция, Югославия, Италияга таянган А. Зогунун жетекчилиги м-н контрреволюциячыл күчтөр демократиялык өкмөттүн бийлигин кулатып, Албанияда аскердик диктатура режимин орнотот. А. Зогу 1925-ж. Албания республика болуп жарыяланган соң (21-январь, 1925) президент, кийин 1928-жылдан өлкөнүн королу болуп калат. 1939-ж. Италия, 1943-ж. Германиянын аскерлери Албания аймагын басып алат. 1943-жылдан Албаниянын Улуттук боштондук армиясы түзүлүп, 1944-ж. өлкөнүн аймагы толугу м-н бошотулат. 1946-ж. Албания Элдик Республика деп жарыяланып, Албан эмгек партиясынын режими 45 жыл (1991-ж. ч.) өкүм сүргөн. 1989-ж. өлкөдө демократиялык кайра куруулар жүргүзүлгөн. 1991-ж. апрелде Албан Республикасы болуп кайра түзүлгөн ж-а анын алгачкы президенти Р. Алия шайланган. 1992-ж. өткөн шайлоодо Албаниянын демократиялык партиясы жеңишке жетишип, С. Бериша өлкөнүн президенти болуп калган. 1997-ж. өкмөткө каршы нааразылык көрсөтүүлөр элдик көтөрүшкө айланып, куралдуу отряддарга таянган комитеттер уюшулган. 1997-ж. Албания социалдык партиясы жеңишке жетишип, президенттикке Р. Мейдани шайланат. 1998-ж. жаңы конституция кабыл алынган. 1999-ж. Албаниянын НАТОнун Косоводогу аракеттерин колдоосу Албания м-н Югославиянын ортосундагы мамилелердин солгундашына алып келген. Косоводо согуштук аракеттердин жүрүшүнө байланыштуу жарым миллионго жакын качкындар Албанияга убактылуу баш калкалашкан. 2001-ж. июлдагы президенттик шайлоодо «Мамлекет үчүн союз» солчул партиясынын блогунун өкүлү А. Моисиу жеңишке жетишкен.

Экономикасы[оңдоо | булагын оңдоо]

Албания - агрардык-индустриялык өлкө. Экономикасынын башкы тармагы - айыл чарбанын ички дүң продукциядагы (ИДП) үлүшү 47,6% (2003); өнөр жайынын ИДПдагы үлүшү 24,6%, туризм тейлөө чөйрөсү м-н кошо 27,8% ти түзөт. Өнөр жай өндүрүшүндө башкы орунду тоокен казып алуу ж-а сырьёну кайра иштеп чыгаруу тармактары ээлейт. 2001-ж. 30 млн м3 газ, 0,5 млн о нефть (өлкөнүн түн.-батышынан, Семани д-нын алабынан казылып алынат), 250 миң о хром (Булькиза), о. эле жез (Рубику, Курбенши), никель (Поградец), темир (Охрид көлүнүн аймагы), лигнит, жаратылыш битуму, минералдык сырьёлор казылып алынат. Жыгач жерг. керектөөлөр үчүн гана даярдалат. 2003-ж. 5,3 млрд кВтЫ электр энергиясы өндүрүлгөн. Нефть ажыратуу (Фиери, Балши, Кучова, Церрик), нефть-химия ж-а химия (Влёра, Фиери, Лячи), түстүү (Рубики) ж-а кара металлургия (Эльбасан), металл иштетүү ж-а машина куруу (Тирана, Дуррес, Шкодер, Влёра), цемент, жыгаччылык, текстиль, тамеки (Шкодер), тамакаш (зайтун майы, кант, балык ж-а жемиш консервалары) өнөржайлары бар. А. ч. ички керектөөнү канааттандырбайт; буудай, азыктүлүктү сырттан алат. Дыйканчылык кургакчылыктан жабыр тартат; айдоо аянтынын 1/3 бөлүгү сугарылат. Аймагынын 21%и иштетилет, анын 1/2ин дан эгиндери ээлейт; жайыт 15%. Негизги а. ч. өсүмдүктөрү: буудай ж-а жүгөрү, о. эле арпа, кант кызылча, күнкарама, картөшкө, бакча өсүмдүктөрү, жашылча (буурчак, пияз, помидор, капуста, баклажан), тамеки, мөмө-жемиш (а. и. цитрус өсүмдүктөрү, шабдаалы), май алынчу өсүмдүктөр өстүрүлөт; жүзүмчүлүк өнүккөн. Мал чарбасынын негизги тармагы кой чарбасы, ал жайытта багылат. 2002-ж. 1,4 млндон ашык кой, 900 миң эчки, 800 миң бодо мал, 4,1 млн үйкушу болгон. Жылкы, эшек асыралат. Кустардык өндүрүшү (албан ак сыры) өнүккөн. Адрия деңизинде балык кармалат. Негизинен автомобиль транспорту өнүккөн; автомобиль жолунун уз. 18 миң км (анын 30%и асфальтталган). Буна д-нда, Шкодер, Преспа, Охрид көлдөрүндө кеме жүрөт. Газ куурунун уз. 339 км, нефтиники 207 км (2004). Эларалык аэропорту (Тирана ш-нан 25 км) бар. Влёрада эларалык аэропорт курулууда. Сырттан азыктүлүк, тиричиликте пайдаланылуучу товарларды, машина ж-а станокторду, жерсемирткич ж. б. алат. Сыртка хром, жез, никель, битум, тамеки, шарап чыгарат. Негизги сырткы соода шериктери: Италия, Грекия, Түркия, Германия. Акча бирдиги - лек.

Маданияты[оңдоо | булагын оңдоо]

Албаниянын билим берүүсүнө илим ж-а билим берүү министрлиги жетекчилик кылат. Билим берүүнүн негизги регламенттик документи болуп, ЖОЖдогу билим берүү (1999), билим берүү системасы (1995), жеке менчик окуу жайлардагы билим берүү (1995) ж-а жалпы билим берүүчү мектептердин нормативдик документтери (1995) тууралуу мыйзам эсептелет. Албаниянын билим берүү системасы мектепке чейинки мекемелерди (2002; 3400), жалпы билим берүүчү мектептерди (1500 башталгыч, 1700 орто ж-а 500дөй толук орто), кесиптик ж-а ЖОЖ камтыйт. Эмгек министрлигинин астында 9 кесиптик ж-а жеке менчик кесиптик орто окуу жайлары, о. эле 8 ун-т (2004) бар. Ирилери: Тирана ун-ти (1957-ж. негизделген), а. ч. (1971), политех. (1991); Шкодер (1957), Корча (1971), Гирокастра (1971), Эльбасан (1991), Влёра (1994). Албаниянын башкы ил. борбору - ИА 1957-ж. негизделген. Ири китепканалары: Улуттук (1922-ж. негизделген) ж-а Тирана ун-тинин китепканасы. Негизги музейлери Тиранада (археология, 1948; улуттук мад-т, 1979; улуттун тарыхы, 1981; тарыхый ж. б.), Гирокастрада (этногр., курал-жарак ж. б.), Бератта [Онуфрия музейи (иконанын сүрөтүн жаратуучунун урматынан аталган), 16-к., улуттук иск-во, 1827; этногр., тарыхый, археол., 1988, ж.б)], Корчада (А-нын орто к-дагы иск-восу, тарыхый, улуттук билими) жайгашкан. О. эле Влёрада эгемендүүлүк музейи, Дурресте тарых музейи, Бутринттеги (1950), Дурресте ж-а Аполонияда (1958) археол. музейлери бар. Өлкөдө 92 гезит, 71 журнал (2004) басылып чыгат. 35 радио, 55 телевизиондук станция, 4 кабелдик канал иштейт. Күнүнө «Зери ж-а Популит», «Газета Шкиптарде», «Коха йоне», «Рилиндья демократике», «Спорти Шкиптар» гезиттери чыгат. Жалпы улуттук радиостанция «Тирана радиосу», «Топ Албания радиосу», телестанция - «Ти-ви-эс-эйч» (TVSH), «Ти-ви-клан» (TV klan), «Ти-ви-Арбериа» (TVArberia) ж-а А. телеграф агенттиги (АТА) бар. А-нын элдик оозеки чыгармасы - баатырлар тууралуу эпикалык дастандарга, каада-салт, лирикалык ырларга, макал-лакапка, тарыхка бай фольклор. Бүгүнкү күнгө чейин жеткен албан тилиндеги жазма эстелик - «Чокундуруунун формуласы» (1462), А. тилиндеги алгачкы китеп («Мешари» диний мазмундагы котормо; Г. Бузуку) 1555-ж. чыккан. А. ад-ты 18-к-да жакынкы чыгыштын мад-тынан (бейтеджи - 4 сап сатиралык, моралдык ж. б. маанидеги ырлар) таасирленишип, араб жазмасын пайдаланышып, өнүккөн. 19-к-дын 2-жарымы 20-к-дын башында Түш. Италияда жашаган (16-к.) арберештердин ад-ты маанилүү орунду ээлеген. 1516-к. гуманисттер: П. Буди, Ф. Барде, П. Богдани, М. Барлетенин чыгармалары жарык көргөн. 19-к-дагы жазуучулардан: И. Рада, Г. Дара, З. Серембе, А. Сантори; фольклорчулар Т. Митко ж-а С. Дине; публицист С. Фрашери; акын В. Шкордани (П. Васа) ж. б. белгилүү. Жаңы ад-тына негиз салуучулардын бири Н. Фрашери болгон. 20-к-дын көрүжүктүү реалист акындары: А. Чаюпи, Асдрени (A. С. Дренова), Ф. Широка, Л. Гуракучи, Р. Силичи; прозаиктери: М. Грамено, Ф. Постели, X. Стермили ж. б. 2-дүйнөлүк согуш мезгилинде боштондукка чыгуу идеясын чагылдырган партизан поэзиясы күчөгөн. Алардын ичинен Ш. Мусаринин «Балы, Комбетар эпопеясы» (1944) көрүнүктүү орунду ээлейт. Фашисттик оккупациядан кийин (1939-44-ж.), тоталитардык режим мезгилинде орус ж-а сов. ад-ттын (көптөгөн чыгармалар албан тилине которулган) таасири күчтүү болуп, А-нын ад-тында фашизмге каршы элдик күрөш тууралуу чыгармалар (Ф. Гьятынын «Партизан Бенко жөнүндө ыр» поэмасы, 1950; Д. Шутеричинин «Боштондукка чыгаруучу» романы, 1952-55) жарык көрөт. Ошол эле мезгилде социалдык багыттагы чыгармалар пайда болуп, 1960-жылдын аягында мемуар, повесть, романдар жазылган. Албаниянын аймагында байыркы арх-ралык курулмалар б. з. ч. 7-к-дагы иллириялыктардын ташчептеринин калдыктары, о. эле колодон жасалган кооз буюмдары, байыркы гректердин (Аполлония, Бутринг) ж-а римдиктердин (Эльбасан) коргондору м-н тосулган турак үйлөр, мозаика түшүрүлгөн имараттары ж. б-дын калдыктары да сакталган. 13-14-к-да Византиялык типтеги чиркөө иск-восу (Ыйык Николай, Месопотамияда; Ыйык Проща, Лавдарда ж. б. соборлор) өнүккөн ж-а роман стилиндеги чиркөөлөр курулган; византиялык типтеги фрескалар 16-к-дан итал. Кайра жаралуу доорунун таасиринен өнүгөт. 17-к-дан шаарларда хансарай, мечит, үстү жабык базарлар салына баштайт. 19-к-дын 3-жарымында аристократтык мүнөздөгү портрет м-н пейзаж живописи пайда болсо, 20-к-дын 1-жарымында импрессионизм ж-а модерн элементтери м-н улуттук романтика тенденциясы басымдуулук кылган. Живопись м-н графиканы С. Дзега, С. Рота, бир тууган эже-сиңдилер С. ж-а А. Зенго, К. Илромени, С. О. Кацели, Н. Мартини, В. Т. Мио ж. б., скульптураны ж-а графика жанрлары өнүгө баштап, алгачкы улуттук театрлардын курулушу драматургиянын өнүгүшүнө шарт түзгөн. Профессионалдык муз. мад-ты 2-дүйнөлүк согуштан кийин өнүгө баштаган. Муз. мектептер (1947-ж. Тиранада), Й. Мисья атн. көркөм лицей, мамл. филармония (1950), мамл. опера ж-а балет театры (1956), мамл. элдик ыр ж-а бий ансамбли (1957) уюшулуп, 1962-жылдан мамл. консерватория иштей баштаган. К. Кононун «Таң» опереттасы ж-а «Борова баатыры» деген вокалдык-симф. поэмасы, Д. Лекинин элдик темада жазган увертюрасы, К. Траконун ораториясы, Ч. Задеянын 1-симфониясы А-нын профессионалдык музыкасынын туңгуч чыгармаларынан. Г. В Перкуни классикалык балетти алгачкылардан болуп койгон. 1951-ж. Б. В. Асафьевдин «Бахчисарай фонтаны», 1953-ж. Ч. Пуньинин «Эсмеральда» классикалык балети, 1968-ж. Тиранада П. Якованын «Скандерберг» операсы коюлган. А-да 1-театр оюндарын Тесторат кыштагындагы театр ийрими койгон (1874).

Музыкасы[оңдоо | булагын оңдоо]

Албаниянын элдик музыкасы айрым аймактарына мүнөздүү болгон стилдин ар түрдүүлүгү м-н айырмаланат. Ыр-күүлөрү кылдуу, үйлөмө аспаптардын, скрипка, кларнет ж-а чоордун коштоосу м-н үч обонго салынып аткарылат ж-а чифтели, ляхута, гайда, зумара, фюэли, даулэ урма аспабы м-н коштолот. Биринчи кинофильми 1912-ж. Шкодерде, хроникалык тасма 1920-ж. Влёрада коюлуп, биринчи кинозал Тиранада 1926-ж. ачылган. Мурунку СССРдин жардамы м-н 1952-ж. «Жаңы Албания» киностудиясы ачылып, биргелешип «Албаниянын улуу жоокери Скандербег» фильми (1954, сценарийи М. Г. Паповдордуку, реж. С. И. Юткевич, оператор Е. Н. Андриканис), өзалдынча «Тана» кинофильми 1958-ж. реж. К. Дамо тарабынан, 90-ж. баатырдык, атуулдук ж-а аскерий мазмундагы кинофильмдер тартылган. 1976-жылдан Тиранада А. киносунун улуттук фестивалы (2-жылда 1 жолу). 1968-жылдан улуттук фольклор фестивалы (Гирокастрада, жыл сайын), 1998-жылдан И. Крои атн. вокалисттердин (Тиранада), 2000жылдан музыкант аткаруучулардын эларалык конкурстары өткөрүлүп турат. Салт болуп калган колөнөрчүлүгү - күмүш зергерчилиги, жыгачка оймо түшүрүү ж-а жүндөн килем токуу, сайма саюу, карапа жасоо алигүячө сакталып келүүдө.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1


Flag of Albania.svg Эгемендүүлүк Flag of Albanian Provisional Government (1912-1914).svg
Провинциалдык өкмөтү
Flag of Albania (1914-1920).svg
Албания Княжествосу
Flag of Albania (1926-1928).svg
Албания Республикасы
1912 1912-1914 1914-1925 1925-1928
Flag of Albania (1934-1939).svg
Албан падышачылыгы
Flag of Albania (1939-1943).svg
Албания Италиянын башкаруусунда
Flag of Albania (1943-1944).svg
Албания нацисттик Германиянын башкаруусунда
Flag of Albania (1946-1992).svg
Албания Элдик Социалдык Республикасы
Flag of Albania.svg
Албания Республикасы
1928-1939 1939-1943 1943-1944 1944-1992 1992-жылдан баштап

Эскертүүлөр[оңдоо | булагын оңдоо]

  1. Атлас мира. Государства и территории мира. Справочные сведения. — Роскартография, 2010. — С. 14. — ISBN 978-5-85120-295
  2. Cite error: Invalid <ref> tag; no text was provided for refs named autogenerated1
  3. 3.0 3.1 ЦРУ (2010)
  4. Human Development Report 2013 (англ.). United Nations Development Programme (2013). Түп булактан архивделген күнү 13 Август (Баш оона) 2013.