Алгачкы кара май,

Википедия дан

Алгачкы кара май, алгачкы чайыр – саргыч түстөн кара – күрөң түскө чейинки орг. бирикмелердин татаал аралашмасынан турган зат. Катуу отундарды кургак буулантуудан (500-550оС) алынат. Ал жогорку темп-рада (900-1100оС) алынуучу чайырлар “алгачкы” деп аталышы менен айрымаланат. Күрөң көмүр жана сланцтан алынган алгачкы газ кеңири таралган. Күрөң көмүр чайыры 20 % чейин фенол, 19 % чейин чектүү углеводород, 3-6 % чейин асфальтенден; слан чайыры – 28% чейин фенол, альдегид жана кетондон турат. 1 т кургак сырьедон 50-250 кг А. к. м. алынат. А. к. м. антисептиктер, кир кетирүүчү заттар, курулуш битумдары, лактар, уу химикаттар жана башка алынат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]