Алгачкы коом
Алгачкы коом, уруулук жамаат (урук) — коомдук өнүгүүнүн адамдар пайда болушунан тартып, мамлекет түзүлгөнгө чейинки мезгили. Өнүгүүнүн кийинки коомдорунан таптардын, мамлекеттин жоктугу менен айырмаланат, бул доорго жамааттык эмгек, өндүрүш каражаттары жана өндүрүлгөн продуктуну жалпы пайдалануу мүнөздүү. Өндүрүү ишмердүүлүгүнүн келип чыгышынын натыйжасында адамдын (антропогенез), коомдун (социогенез), калыптануу процесси 1млндой убакытка созулган. Археологиялык жагынан алганда, негизинен палеолит (эрте таш доору), мезолит (орто таш доору), неолит (жаңы таш доору) доорлорун камтыйт. Алгачкы коом өзүнөн кийинки коомдордон айырмаланып өндүргүч күчтөрдүн өнүгүү деңгээли өтө төмөн болуп, өндүрүштө жана керектөөдө жамааттык принцип негизги мааниге ээ болгон. Биргелешип эмгектенүү, өндүрүлгөн продуктуга тең ээлик кылуу жеке адамдын жаратылыш кубулуштарына алсыздыгынан улам келип чыккан. Алгачкы коомдун тарыхы негизинен археологиялык, антропологиялык жана этнографиялык маалыматтарга таянат. Алгачкы коом 3 мезгилге бөлүнүп каралат: алгачкы адамдар тобу, уруулук коомдун гүлдөп өнүгүшү жана анын ыдырап бузулушу. Уруулук коом өз өнүгүшүндө 2 доорду - энелик урууну (матриархат) жана аталык урууну (патриархат) камтыйт. Энелик уруу мезгили төмөнкү палеолиттен неолитке чейинки мезгилди кучагына алат. Мында таштан, жыгачтан, сөөктөн, мүйүздөн жасалган эмгек куралдары (алгач найза, союл, бычак, кийинчерээк кескич, канжар, кыргыч, балта, керки, орок ж. б.) колдонулуп, бара-бара өркүндөтүлө берген. Негизги кесиби аңчылык, балык уулоочулук жана жыйноочулук болгон. Эмгектин коомдук бөлүнүшүнүн натыйжасында эркектер балык, аң уулоо, аялдар мөмө-жемиш терүү иштерин аткарган. Энелик уруунун соңку доорунда уруу ичинде эне башкара турган чоң-чоң үй-бүлөлөр бөлүнүп чыгып, бир нече уруунун башын кошкон топтор калыптана берген. Аталык уруу мезгили коло доорун жана алгачкы темир доорун өзүнө камтыйт. Бул мезгилде өндүргүч күчтөр өнүгүп, дыйканчылык, мал чарбачылык жана кол өнөрчүлүк (жез, коло, темир металлдарын ысытып иштетүү) пайда болгон. Өндүрүштө эркектердин ролу артып, аялдын коомдогу, чарбадагы абалы төмөндөгөн. Аталык уруунун соңку мезгилинде туугандык байланыш ата жагынан эсептелип, жеке менчиктин жана чарбанын пайда болушуна, уруктардын бөлүнүшүнө алып келген, ошондой эле алгач согушта туткунга түшкөндөрдү, бара-бара ошол эле уруудагы жакырдангандарды кулга айландырган, байыган уруу башчыларынын бөлүнүп чыгышы соцпал. топтордун жана мамлекеттин пайда болушуна өбөлгө түзгөн. Алгачкы коомдун издери Кыргызстандын аймагында Нарын облусунда Нарын шаарына жакын Он-Арча суусунун жээгинен, Ысык-Көлдө Балыкчы шаарына жакын жерден, Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы Кожо-Бакырган-Сайдан табылган таш куралдарынан байкалат. Ортоңку палеолит дооруна таандык эстеликтер Ысык-Көл өрөөнүндөгү Тосор суусунун боюнан, Чүй өрөөнүнүн Георгиевка дөңсөөсүнөн, Ош облусунун Араван районундагы Сасык-Үңкүрдөн табылган. Алай тоо кыркасындагы Даңгирекдере капчыгайынан эң байыркы таш талкалоочу жай табылган. Ал эми соңку палеолит дооруна таандык куралдар Ош аймагындагы Сел-Үңкүрдөн, Исфана өрөөнүндөгү Кожогор булагынын жанынан табылган. Неолит жана коло доорунда пайдаланган курал-жарактарды Ысык-Көлдөгү Сары-Жаз өрөөнүнүн жанындагы Ак-Чуңкур жана Нарын шаарына жакын Текесекирик үңкүрлөрүндө, Чүйдөгү Аламүдүн суусунун боюнан, Сокулук, Садовое, Беловодск айылынан, Чолпон-Ата шаарынын жанынан, Кочкор өрөөнүндөгү Шамшы айылынан табылган. Ал эми аска бетине тартылган сүрөттөрдү Чүйдөгү Аламүдүн, Александровка, Жайылма, Кайыңды, Оштогу Сулайман тоосунан, Араван кыштагына жакын аскадан (Дулдулата мазары), Алай жана Кетмен-Төбө өрөөндөрүнөн табылган калдыктардан көрүүгө болот.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1