Алгач тергөө

Википедия дан
Алгачтергөө‎»‎ барагынан багытталды)

Алгач тергөө (дознание) – кылмышты алдын-ала иликтөөнүн түрү. Алдын ала тергөөдөн алгач тергөө аны ишке ашыруучу органы, ошондой эле алардын процесстик иштеринин көлөмү жана мөөнөтү боюнча айырмаланат. Кылмыш иши боюнча алдын-ала тергөө жүргүзүү сөзсүз милдеттүү болсо, алгач тергөө органы аны козгойт жана кылмыш-жаза-процесстик мыйзам эрежелерин жетекчиликке алуу менен кылмыштын издерин аныктоо жана бышыктоо: карап чыгуу, тинтүү, шектүү нерселерди чогултуп алуу, күбөлөндүрүү, шектүүлөрдү кармоо жана суракка алуу, жабырлануучуларды жана күбөлөрдү суракка алуу боюнча кечиктирилгис иликтөө иштерин жүргүзөт. Алгач тергөө органы ашкереленген кылмыш иши жана башталган алгач тергөө тууралуу токтоосуз кабарландырат. Алгач тергөө органы жүргүзүлгөн кечиктирилгис изилдөөлөрдүн жыйынтыктарын тергөөчүгө өткөрүп берүүгө милдеттүү. Алдын-ала тергөө иштерин жүргүзүү милдеттүү болбосо, аны толук алгач тергөө органы изилдейт.[1]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору,авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7