Жоошбай Алдосов

Википедия дан
Алдосов Жоошбай‎»‎ барагынан багытталды)

Алдосов Жоошбай (1896, Тор-Кен айылы - 1931, Аксы району, Сасык айылы) - кыргыздын алгачкы юристтеринин бири.

1925-30-жж. Токтогул, Алай, Араван, Ноокат, Фрунзе, Лейлек райондорунда жана Ош шаарында сот, 1930-31-ж. Кызылжар районунда прокурор, сот болуп иштеген.

1931 -ж. басмачылар тарабынан мыкаачылык менен өлтүрүлгөн. Аксы районунун борбору Кербен айылындагы паркта эстелиги тургузулган. Айылындагы көчөгө ысмы берилген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Токтогул району: Энциклопедия/ Башкы ред. Ү. Асанов; Ред. колл.: О. Ибраимов (төрага) ж. б. - Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2005. 292 б., ил. ISBN 9967-14-030-5