Алеатордук (тобокел) келишимдер
Көрүнүш
Алеатордук (тобокел) келишимдер (лат. alea – чүкө, кокустук) – жарандык укукта аткарылышы келишим түзүп жатканда тараптарга белгисиз шарттарга байланыштуу тобокел келишимдер. А. к. өзүнүн аткарылышында мүмкүн болуучу пайдалар менен чыгымдарды так аныктоого мүмкүндүк бербеген шарттарды өзүнө камтыйт. А. к. камсыздандыруу, үйлөрдү сатуу, сатып алууда анын ээсин өмүр боюу багуу боюнча келишимдерди, кумар оюндарына жана мелдешүүлөргө байланышкан аркыл бүтүмдөрдү киргизип жүрүшөт.
== Колдонулган адабияттар ==
- Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору, авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7