Жаныш Алеев

Википедия дан
Алеев Жаныш‎»‎ барагынан багытталды)

Алеев Жаныш (1941-2023, Сарысөгөт айылы) - СССРдин (1981) жана Кыргыз Республикасынын кесиптик-техникалык билим берүүсүнүн отличниги (1996).

1963-жылы Фрунзе политехникалык институтунун энергетика факультетин бүтүргөн. 1963-66-ж. Ленин (азыркы Ноокен) районунун Кочкората шаарчасындагы “Кыргыз нефть” ишканасында улук инженер-энергетик, 1966-78-ж. Бишкектеги темир жол кесиптик-техникалык окуу жайында директордун орун басары, 1978-82-ж. мамлекеттик кесиптик-техникалык комитетинин, республикалык окуу-методикалык кабинетинин директорунун орун басары. 1982-жылдан Аламүдүн районунундагы Молдовановка ж. Алканов айылындагы №5 кесиптик-техникалык окуу жайынын директору.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Токтогул району: Энциклопедия/ Башкы ред. Ү. Асанов; Ред. колл.: О. Ибраимов (төрага) ж. б. - Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2005. 292 б., ил.ISBN 9967-14-030-5