Александр Васильевич Александров

Википедия дан
Александров Александр Васильевич‎»‎ барагынан багытталды)

Александров Александр Васильевич - (1883-1946) - композитор, хор дирижёру, педагог, СССР эл артисти (1937), генерал-майор (1943), искусство таануу илимдеринин доктору (1940). Петербург, Москва консерваторияларында окуган. Советтик Армиянын Кызыл Туулуу ыр-бий ансамблинин уюштуруучусу (1928) жана жетекчиси болгон. Анын В. И. Лебедев-Кумачтын «Ыйык согуш» аттуу ырына жазган музыкасы (1941) Улуу Ата Мекендик согуштун музыкалык эмблемасы болгон. Советтер Союзунун Гимнине музыка жазган (1943). Көрүнүктүү массалык ырларды жазгандыгы (1942) жана концерттик аткаруучулук ишмердиги үчүн (1946) ага эки жолу СССР мамлекеттик сыйлыгы берилген. Ленин ордени, медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]