Александр Невзоров

Википедия дан
Александр Глебович Невзоров‎»‎ барагынан багытталды)
Александр Невзоров (2014).

Александр Глебович Невзоров (1958-жылы 3-августа СССР, Ленинградда туулган) — совет жана орус журналисти, кабарчы, теле алып баруучу, публицист. Даректүү тасмалардын режиссеру, сценаристи жана продүсери. Саясатчы, Мамлекеттик думанын төрт чакырылышынын (1993-2007) депутаты. Ипполог, "Nevzorov Haute École" мектебинин негиздөөчүсү, "чебери жана устаты". (2016-жылдын май айынан тартып) "Биринчи каналдын" башкы директорунун кеңешчиси.

Өмүр баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1958-жылы 3-августта Ленинградда туулган. Таенеси менен апасынын колунда өскөн. Таятасы - МКМнын генералы Владимир Невзоров 1946-1955-жж. СССР МКМнын Литва ССРинин аймагындагы "токой агайындарынын" кескилиги менен күрөшүү боюнча башкармалыгын жетектеген. Энеси - Галина Георгиевна Невзорова (1936-2001) "Смена" гезитинин журналисти болгон.

1975-жылы франсуз тили тереңдетилип окутулган орто мектепти аяктаган. 1983-жылдан тартып Ленинград теле-көрсөтүүсүндө иштеген. Каскадер болгон.

1992-жылы Канн кинофестивалынын калыстар тобунун мүчөсү болуп шайланган.

1993-жылы 12-декабрда Мамлекеттик думанын биринчи чакырылышына № 210 Бир мандаттуу борбордук шайлоо участкасынан (Санкт-Петербург ш.) депутат болуп шайланган. Мамлекеттик думага түрдүү шайлоо округдардан өз алдынча депутат катары (1993-жылдан тарта) төрт ирет көрсөтүлгөн. Конституциялык мыйзам чыгаруу жана мамлекет курулушу комитетинин мүчөсү болгон.

Көптөгөн жергиликтүү куралдуу кагылыштарга катышкан. 1990-жылдардын башында көз карандысыз (НТК) "600" телеканалын негиздеген. 1999-жылы декабрда бир мандаттуу шайлоо округунан Мамлекеттик думага талапкерлигин көрсөткөн (Санкт-Петербург ш.) бирок, Оңчул күчтөр бирикмесинин өкүлү Юлий Рыбаковдон утулуп калган.

2001-жылдын ноябрынан 2002-жылдын декабрына чейин "Биринчи каналдагы" "Другое время" аналитикалык көрсөтүүсүнүн Михаил Леонтьев менен кошо алып баруучуларынын бири болгон.

2015-жылдын ноябрь айынан тарта "Дождь" телеканалындагы "Паноптикум" программасынын алып баруучуларынын бири болгон.

2016-жылы 24-майда Невзоров "Биринчи каналдын" башкы директору Константин Эрнсттин кеңешчиси болгону тууралуу маалымат тараган. Эртеси күнү "Эхо Москвы" редиостанциясынын обосунда бул маалыматты өзү тастыктаган.

Сыйлыктары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Таанылбаган Приднестров Молдова Республикасынын бир катар мамлекеттик сыйлыктарынын, ошондой эле Орусия казактарынын бирикмесинин "Приднестровду коргогону үчүн" казак крестинин жана ОФнын Коргоо министрлигинин бир катар сыйлыктарынын ээси: "Жоокердик кызматташтыкты бекемдегени үчүн" төш белгиси, "Чеченстандагы аскердик аракеттердин катышуучусуна" белгиси ж.б..

  • Рига ОМОНунун ардактуу жоокери.

Приднестров Молдова Республикасынын сыйлыктары

  • "Жеке каармандыгы үчүн" ордени,
  • "Преднестров коргоочусуна" төш белгиси,
  • ПМР ИИМ ОМОНдун "Днестр" батальонунун ардактуу жоокери.

А.Г. Невзоров 2016-жылы июль айында "Эхо Москвы" радиостанциясына берген маегинде "Жеке каармандагы үчүн" орденин, "Преднестров коргоочусуна" төш белгисин жана "Преднестров коргогону үчүн" казак крестин кайтарып бергени жөнүндө билдирген. Ал бул кадамын "Преднестров башкача ой жүгүртүүнү жазалаган мыйзамдарды кабыл алган жийиркеничтүү "банан республикага" айланып кетти," - деп түшүндүргөн.

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]