Пушкин Александр Сергеевич
(«Александр Пушкин» барагынан багытталды)

Александр Сергеевич Пушкин (1799, Москва — 1837, Санкт-Петербург) — орус элинин улуу акыны.
Кыскача өмүр жолу[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Александр Сергеевич Пушкин 1799-жылы Мөскөөдө дворяндын үй-бүлөсүндө туулган. Таятасы - теги эфиопиялык мусулман жана Петр Биринчинин кол башчысы, атактуу генерал Ганнибал болгон.
Декабристтерге ылым санаган либерал акын болгон.
1837-жылы Дантес менен эрөөлгө чыгып, жарааттан каза болгон.
Пушкин жана кыргыз темасы[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Пушкин чыгыш темасына ургаалдуу кайрылган. Ал ырларынын алгачкы варианттарынын биринде "кыргыз" этнонимин да колдонгон.
Пушкин жана кыргыз котормочулугу[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Пушкиндин бир катар чыгармалары кыргыз тилине совет доорунда которулган. Анын чыгармаларынын мыкты котормочуларынын сабында албетте Алыкул Осмонов турган.
Чыгармаларынын чакан тизмеси[түзөтүү | булагын түзөтүү]
...