Александр Серафимович

Википедия дан

Александр Серафимович (7(19).1.1863, Нижнекурмоярский станицасы, азыркы Ростов обл., Цимлянский району - 19. 1. 1949, Москва) - орус совет жазуучусу.

  • Жасоолдун үй- бүлөсүнөн.
  • 1918-жылдан КПСС мүчөсү. Петербург университетинен окуган.
  • А. И. Ульяновдун иши боюнча камакка алынган (1887-90).
  • Чыгармалары 1889-жылдан жарыялана баштаган. Алгачкы аңгемелеринде эле капитализмдин карама-каршылыгы жөнүндө жазган.
  • «Түнүчүндө», «Пресняда» очерк, аңгемелеринде биринчи орус революциясынын окуяларын (1905-07), «Талаадагы шаар» (1912) романында орус капитализминин тарыхын баяндайт.

Биринчи дүйнөлүк согуш мезгилиндеги аңгеме, очерктеринде согушка каршы революциялык маанай сүрөттөлөт. Жарандык согуш мезгилинде «Правда» газетасынын аскер кабарчысы болгон.

Чыгармачылыгынын туу чокусу - социалисттик реализмдин классикалык чыгармаларынан болгон «Темир сел» (1924) романы. Романдагы негизги каарман - революциянын казанында кайнап, согуш азап-тозогун башынан кечирген эл массасы. «Дон талаалары менен» очерктер сериясы коллективдештирүү жөнүндө.

Улуу Ата Мекендик согушта фронтто болуп, публ. чыгармалар жазган. Серафимович - СССР жазуучулар союзун уюштургандардын бири.

СССР мамлекеттик сыйл. (1943) лауреаты. Чыгармалалары СССР элдеринин тилине жана чет тилдерге которулган.

Ленин ордени, башка 2 орден менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.